mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана япониялык Kataheera and Engineers International компаниясы «Баткен облусундагы жолдорду тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюшту

2023-жылдын 19-май күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана япониялык Kataheera and Engineers International компаниясы «Баткен облусундагы жолдорду тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Макулдашууга Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары А.Досалиев жана япониялык компаниянын менеджери Кобояши мырза кол койду.

Белгилүү болгондой, Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 16-майында “2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КРдин Мыйзамына кол койгон.

Бул долбоордун максаты жана милдети жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорттук логистиканы жакшыртуу жана автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн, ошондой эле Баткен облусундагы эл аралык маанидеги магистралдарды тейлөө үчүн жол-курулуш техникаларын колдонуу менен калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү потенциалын күчөтүү болуп саналат.
Япония Өкмөтү «Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоору үчүн 53 даана жол куруу техникасын жана жабдууларды сатып алуу үчүн жети жүз миллионго чейин япон йенин (700 000 000 йен) грант катары бөлүп берет.

Техниканы жана жабдууларды жеткирүүгө кеткен бардык чыгымдарды, анын ичинде көздөгөн жерине жеткирүүгө кеткен чыгымдарды, түшүрүүгө кеткен чыгымдарды ж.б япон тарап көтөрөт. Кыргыз тарап жабдууларды импорттоого байланыштуу келип чыккан бардык салыктарды жана алымдарды төлөөдөн бошотууну камсыз кылууга тийиш.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы