mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат таратты

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел, Түз-Бел, Ак-Бейит ашууларында кар жаап жатат. Аймакты тейлеген жолчулар инерттик материалдарды чачып, тынымсыз тазалоо аракетинде. Жолдордо бардык тарапка каттам бар. Ал эми Кубакы ашуусу менен Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө жок. Жолчулар Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусунда калыңдыгы 4-5 см жеткен карды тазалап жатышат. Инерттик материалдарды чачуу иштери Нарын айланма жолунун Жаңы-Жол тилкесинде жана облустун бир катар унаа жолдорунда жүрүүдө.

Өтмөк менен Төө-Ашууда кыламык кар жаап, жолдорго инерттик материалдар себилип жатат. Ал эми Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда жол таза, бардык тарапка каттам бар.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт ашууларында унаа кыймылына чектөө жок. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Акталчат унаа жолдорунда жол таза, каттам бар.

Каракол-Эңилчек жолу ачык, чектөө жок. Түп-Кеген трассасында болсо кар жаап жатат. Бардык тарапка каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алуу менен жаралган кырдаалды ыкчам жөнгө салууга даяр турушат.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы