mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2023-жылдын 11 айында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2023-жылдын 11 айында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде өткөрүлгөн жыйынга Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев жана ведомствого караштуу мекеме, ишканалардын жетекчилери менен орун басарлары катышып, журналистердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 11 айында аткарган иштери:

2023-жылдын 11 айында эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдор менен катар көпчүлүк ички көчөлөргө асфальт төшөө иштери жүрдү. Жалпысынан 2023-жылы 621 чакырымды асфальттоо каралып, иш ыргагын ыкчамдатуу менен 660 чакырымдан ашык жол жасалды.

Алсак, 2021-жылы 230,4 чакырым, 2022-жылы 498,6 чакырым жолго асфальт жаткырылган. Ал эми быйыл республика боюнча 660 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды.

«Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» менен «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери жүрдү.

Казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмүнүн көбөйүшү менен жолдор насыяга, чет элдик компаниялардын көмөгү менен гана эмес, ата мекендик ишканалардын күчү менен да курула баштады.

Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда.

Жолдорду курууга жана оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, быйыл анын 265и өлкөгө жеткирилди.

2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жарыктандырылды.

Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы аяктап, Бишкек-Ош унаа жолунда көчкүдөн коргоо галереясы пайдаланууга берилди.

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү дагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла өстү. Алсак, быйыл 11 айдын ичинде өлкө казынасына 55 млн 789 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды.

Белгилей кетүүчү нерсе, коррупциялык элементтерди жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарындагы автотранспорттук каражаттардан алынган төлөмдөр 11 айдын жыйынтыгы менен 186,7 млн. сомду түзүп, былтыркы жылдын 11 айына (134,1 млн. сом) салыштырмалуу 39%га көбөйдү.

Кыргызстандын автотранспортчуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүү рыногунда жагымдуу шарттарды түзүү, чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 2023-жылга карата 41 мамлекеттен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын негизинде 100 миң 684 даанага уруксат кагаздары алынган.

Алардын 50 миңден ашыгы белгиленген квотанын негизинде болсо, 50 миң 190 даанасы сүйлөшүүлөрдүн негизинде квотадан сырткары кошумча түрдө алынган.

Ал эми 11 айдын ичинде эл аралык автомобиль ташууларга 90 миң 894 уруксат кагаздары  берилип, алардан түшкөн 19 млн 483 миң  сом мамлекеттик пошлина толугу менен республикалык бюджетке чегерилген. (Салыштыруу ирээтинде айтсак, 2022-жылы ушул мезгилге карата 24 миң 630 уруксат кагаздары берилип, 6 млн 774 миң 500 сом бюджетке түшкөн).

2023-жылдын 11 айында Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 209 миңден ашык каттам аткарылып, 3 млн 514 миң 807 тонна жүк ташылган. (Былтыр ушул мезгилге карата Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 176 миң 122 каттам аткарылып, 2 млн 779 миң 477 тонна  жүк ташылган эле.)

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

2023-жылы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бул темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу тастыкталды.

Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, март айынын аягынан тарта министрлик өзү чыгара баштады. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан. Ошондой эле, цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлдү.

Жакынкы жол тейлөө ишканаларынын байланыштары, жолдордун абалы тууралуу маалыматтарды камтыган жол картасы ишке киргизилди.

Ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын техникалык базасы жаңыланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы