Транспорт жана Коммуникациялар Министри Ысык-Көл аймагындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты
- 326 просм.
Бүгүн, 2021 -жылдын 30 -июлунда Транспорт жана Коммуникация министри Г.К. Абдралиева Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун жогорудагы тилкелериндеги оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жогоруда аталган аймактарга төмөндөгүдөй зыян келтирилген:
3- 200 км 15 м3 өлчөмүндөгү жол төшөлмөсү жуулуп кеткен;
18-22 км 300 м3 өлчөмүндөгү учураган жол катмары жараксыз абалда;
33-38 км 500 м3 көлөмүндө сел жүргөн;
40-41 км 25м3 көлөмдөгү жол жуулуп кеткен;
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн төмөнкү жол курулуш техникалары тартылган:
№10 ЖТМнин балансынан:
Алдыңкы жүктөгүчтөр — 4 даана.
Автогрейдер — 1 даана
Самосвал — 1 даана
Жолдун жогоруда аталган бөлүгү ДЭУ-10 балансында турат.
№33 ЖТМ тейлеген жолдун тилкесинде:
60-66 км өлчөмүндөгү жол төшөлмөсү жуулган;
62 — 400 км 150м3 көлөмүндө сел кеткен;
Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн төмөнкү техникалар тартылган:
Алдыңкы жүктөгүч — 1 даана.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы