mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош, Баткен жолдорунун абалы менен таанышты

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош жана Баткен облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жолдордун абалы менен жеринен таанышты.
Министр Тилек Текебаев Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (Ноокат району) абалын дагы жеринен көрдү. Иштин нугуна көз салган мекеме жетекчиси жолчулар менен сүйлөшүп, курулуш жүрүп жаткан жерге көз чаптырды.
Облустун башка аймактарында дагы жол оңдоо жумуштары биринчи планга чыгып, тегиздөө, кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат.
Жол куруу иштери жеке көзөмөлүндө экенин айткан министр ЖТИ жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы