mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт министрлиги чет жактардан келген жарандарды аймактарга жеткирүүдɵ

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш ɵлчɵм кɵзɵмɵлдɵɵ агенттиги чет ɵлкɵлɵрдɵн келген жарандарды Бишкек шаарында обцервацияда болуп үй шартында карантинге чыгарылгандарды аймактарга жашаган үйлɵрүнɵ чейин жеткирүүдɵ.
Иш чара Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдети менен күрɵшүү боюнча штабттын иштеринин негизинде аткарылууда.
Чет жактардан келгендерден коронавируска анализ алынып, анализдери таза чыккандан сон жашаган жери боюнча обсервацияга же үй шартында карантинге чыгарылып дарыгердин кɵзɵмɵлүндɵ болушат.
2020-жылдын 20-апрелинен тартып кичи автобустар менен 201 жаран Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарынга жеткирилди. Автотранспортту жеке ишканалар камсыздоодо.
2020-жылдын 28-апрелинде 26-апрель күнү Дубайдан келген жарандар үйлɵрүнɵ жеткирилет, алар үй карантининде же болбосо обсервацияда болушат.
Жарндарды ташууда санитардык нормалар толугу менен аткарылууда.
КР ТжЖМ басма-сɵз кызматы.