К.Көлбаев атындагы туннелдин ичин желдетүү тутумун оңдоо жана алдын алуу техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөрүн эскертет
- 285 просм.
Транспорт министрлиги: 2021-жылдын 23-августтан баштап 23-сентябрга чейин Кыргыз республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар министрлигин алдындагы Бишкек-Ош жолунун мамлекеттик дирекциясы Бишкек-Ош жолунун 129 + 500 км чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда туннелдин ичиндеги желдетүү тутумун оңдоо жана алдын алуу техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөрүн эскертет!
График
2021-жылдын 23 августтан 23-сентябрга чейин К.Көлбаев атындагы туннель аркылуу унаалардын өтүшүн желдетүү учурундагы профилактикалык тейлөө системасы.
1. 07:00—08:30 саат аралыгында жумуш жүргүзүлөт (ЖАБЫК)
2. 08:30—04:00 саат аралыгында унаалар үчүн ачык (АЧЫК)
3. 14:00—15:30 саат аралыгында жумуш жүргүзүлөт (ЖАБЫК)
4. 15:30—07:00 саат аралыгында унаалар үчүн ачык (АЧЫК)
КР ТжКМнин басма сөз кызматы