mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт министрилиги: Бишкек-Ош унаа жолундагы 171 чакырымында болуп ѳткон жол кырсыгы жолдун абалына байланыштуу эмес

2021-жылдын 28-майында Жогорку Кенештин депутаты Осмон Турдумамбетов жыйындар залында айтылган жана Азаттык радиосунун сайтында жырыяланган Бишкек-Ош унаа жолундагы  171км чакырымында болуп ѳткон жол кырсыгы учурунда Камри автомашинасы Оштон Бишкеке келе жатып Ман унаасы менен кагылышып жыйынтыгында 5 адам каза тапкан.

Кѳрсѳтүлгѳн Бишкек-Ош жолунун 171чакырымында министрлик тарабынан бардык тиешелүү иштер транспорт министрлигинин алдындагы ДЭУ№9 тарабынан 2021-жылдын 19 майында жүргүзүлгѳн жана белгилер коюлган. Ошондуктан Жогорку Кенештин депутаты Осмон Турдумамбетов айтып жаткан жол кырсыгынын себеби чуңкурлар болду деген билдирүү чындыка дал келбейт. Авария учурунда чуңкурлар болгон эмес жана болуп ѳткѳн кырсык жол инфраструктурасы менен байланышсыз.

КР ТжКМ басма сөз кызматы