mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт департаментинде Посттордогу транспорт көзөмөл кызматынын кызматкерлеринин арасында аттестациялоо башталды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.К. Текебаведин тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин (мындан ары – Транспорт департаменти) директору Т.К. Кельдибековдун буйругу менен  Посттордогу транспорт көзөмөл кызматынын кызматкерлерине (мамлекеттик эмес кызматкерлер) аттестациялоо башталды.

Бул аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 197-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобосуна ылайык өткөрүлүп жатат.

Алгач графике ылайык,  2023-жылдын 13,14,15-февралдарында Транспорт департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактык башкармалыктарында Посттордогу транспорт көзөмөл кызматынын кызматкерлерине аттестациялоо өткөрүлдү. Андан кийин 20-февралдан 27-февралга чейин Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй-Бишкек аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине аттестациялоо өткөрүлөт.

Атайын аттестациялоо үчүн Транспорт департаментинде электрондук тестирлөө иштелип чыгарылды. Тесттин 50 пайызынан кем эмес суроолоруна туура жооп берген кызматчылар маектешүү жана практикалык тапшырмадан өтүүлөрү зарыл.

Аттестациялоо комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй:

— Акунов К.К., Транспорт департаментинин Уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасы;

Комиссиянын мүчөлөрү:

— Капетов Н.И., Транспорт департаментинин Транспорт көзөмөлүн координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

— Давлеталиев Б.Д., Транспорт департаментинин Техникалык тейлөө жана санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы;

— Мусаев С.М., Транспорт департаментинин Транспорт көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору;

— Толошов Ч.О., Транспорт департаментинин Транспорт көзөмөл башкармалыгынын инспектору, Комиссиянын катчысы;

Комиссиянын техникалык тейлөө кызматкери:

— Касымов Э.Т.

Аталган тестирлөөнүн максаты – Посттордогу транспорт көзөмөл кызматынын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жана квалификациясынын өсүшүнө түрткү берүү, кызматкердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу, иштиктүү сапаттарын аныктоо, уюмдун ишин өркүндөтүү жана кызматкерди кызмат боюнча көтөрүү, ошондой эле анын ээлеген кызмат орунуна ылайыктыгын аныктоо.

 

 

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы