mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ticket.railway.kg жана Beket.kg сайттарына кирип, алыс барбай аралыктан билет сатып ал!

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги элге ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге убакытты үнөмдөө максатында Ticket.railway.kg жана Beket.kg сайттары иштелип чыгып, аралыктан билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү ачылганын эске салат.

Алсак, алыс жолго сапар алуу үчүн атайын автобекетке барып, кезерип кезек күтпөстөн, Beket.kg сайтына кирип, каттамды, күндү жана кишинин санын тактап жазуу менен көрсөтүлгөн боштуктарды толтурган соң электрондук билет сиз көрсөткөн почтага келет. Онлайн кызмат көрсөтүү калкка жеткиликтүү түрдө иштелип чыгып, сатып алынган билетти кайтаруу мүмкүнчүлүгү дагы каралган.

Ал эми поездге билеттерди сатып алуу Ticket.railway.kg сайты жана Android платформасындагы railway.kg мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, поезд же автобус каттамдарына билеттер офлайн түрүндө да сатылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы