mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тараз-Талас-Суусамыр атожолундагы Урмарал суусундагы кѳпүрѳнүн реабилитациясына JICA Миссиясы келди

 

29-апрелде Кыргыз Республикасына келген  JICA миссиясы Тараз-Талас-Суусамыр атожолундагы Урмарал суусундагы кѳпүрѳнү реабилитациялоо Протоколунун проектисин талкуу кылышып талкуу КР Каржы минитирлигинде, Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министлигинде да ѳткѳн.  Талкуунун аягында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А. Жусубалиев менен инфраструктура жана тынчтыкты куруу департементинин JICA Эл аралык агенттигинин директору г-н Каненава Т. менен кол кою пландаштырылууда.

Азыркы учурда Тараз-Талас автожолунун Урмарал кѳпүрѳсү авариялык абалда турат. Кѳпүрѳ бийик жерде жайгашып киребериши ийри болгондуктан  айдоочулар ѳткѳн узун кѳпүрѳ тункусун  эмес  күндүз ѳтүү ѳтѳ кооптуу.

Урмарал кѳпүрѳсү JICA биримдигинин Кыргызстандагы бешинчи долбооруну бири болот. Кѳпүрѳнүн узундугу 90,5метр, туурасы 14 метр. Бул кѳпүрѳ эки тилкелүү болот. Долбоордун ичинде кѳпүрѳгѳ киребериш жери да оңдолот. Ошондо жалпы узундугу 1,112 км жол реабилитацияланат.

Эки тараптык жолугушууда реабилитацияланган кѳпүрѳ «Кыргыз Республикасы менен Япония ѳлкѳсү отросундагы достук» деп аталган ат ыйгарылат.

Пресс-кызмат