mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (254-255-чакырым аралыгы) таш кулап, жол убактылуу жабылды

Тоо боорунан кулаган таштардын – көчкүнүн жалпы көлөмү 5000 м3 түзөт. Жерине “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин 10чакты кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды.

Жаратылыш кырсыгы 25-августка караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Азыркы тапта тазалоо иштери жүрүүдө. Жолдун эки тарабында турган унаалардын жалпы саны 25ке жетет.

Тоо боорунда пайда болгон жаракалардан улам таш түшүү коркунучу жогору болгон тилкелерге тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү чогу мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгына жараша аракеттер көрүлөт.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы