Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 159-183 чакырымынын куруу иштери жүрүп жаатат
- 262 просм.
Быйылкы жылы Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 159-183 чакырымында Подрядчы тарабынан 25 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу бүткөрүлүп, 16км үстүңкү катмары жана 10,5 км астынкы катмары асфальтобетон жабуусу төшөлүп, эки көпүрөдө жана 10 суу өткөрүүчү түтүктөрдө курулуш иштери жүрүүдө.
Долбоордун Подрядчычы СП «MOST Груп и China Road and Bridge Corporation» жана Консультанты «Сауди Тех Инжиниринг» компаниясы.
Курулуш иштерине түзүлгөн келишимдин баасы 17,9 млн.АКШ доллары. Бүгүнкү күнгө өздөштүрүлгөн сумма 7,5 млн. АКШ долларын түзөт.
2020-жылдын 8-июлунда Консультант тарабынан Подрядчыга курулуш иштерин баштоо боюнча билдирүү берилген.
2021-жылы подрядчик тарабынан 10 км ылдыйкы асфальтобетон катмары жана 2,5 км үстүнкү асфальтобетон катмары төшөлгөн жана 28 суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп бүткөн.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү кепилдик мөөнөтү менен 2024-ж. аяктайт.
КР ТжКМ басма сөз кызматы