mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Балыкчы-Кочкор, Кочкор-Эпкин тилкесинде 53 чакырымга жакын асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмары жана 6,2 чакырым жогорку катмары асфальт-бетон төшөлдү.

ЦАРЭСтин 1 жана 3 транспорт коридорлорун бириктирүү Долбоорунун алкагында кошумча каржылоонун эсебинен (Балыкчы-Кочкор, Кочкор-Эпкин участогу) 53 чакырымга жакын төмөнкү асфальт төшөлгөн жана 6,2 км үстүнкү асфальт төшөлгөн.

Подрядчы тарабынан аянтка 100дөн ашык жол куруу техникасы мобилизацияланган, курулуш сезонунун кызуу мезгилинде эки участокко 300гө жакын адам тартылат. Подрядчы тарабынан участокто ар биринин кубаттуулугу саатына 160 тонна болгон 2 асфальт-бетон заводу мобилизацияланды.

Бардык курулуш иштерин бүтүрүү 2023-жылга пландаштырылган, андан кийинки кепилдик мөөнөтү 2026-жылга чейин. Курулуш иштери аяктагандан кийин Кыргыз Республикасы 70 чакырым жаңы эки тилкелүү жолду алат, бул Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Балыкчы-Кочкор, Кочкор-Эпкин тилкесиндеги курулуш иштерин жүргүзүү боюнча келишим 2020-жылы подрядчы Sinohydro (КЭР) компаниясы менен түзүлгөн.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы