mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин жарыктары жаңыртылып, жолдору оңдолот

Иш сапардын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек-Ош автожолунда жайгашкан Төө-ашуудагы туннелдин абалы менен таанышты.

К.Көлбаев атындагы туннель — Бишкек-Ош автожолунда жайгашкан стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелип, республиканын түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте, узундугу 2514 метр, бийиктиги 5,8 м, жол жабуусу 6,6 м болуп, 1962-жылы курулган, акыркы жолу 2000-жылы реконструкцияланган.

Азыркы учурда туннелдин ичиндеги жарыктар эптеп эле үлбүлдөп күйүп, жол дагы бузулуп бүткөн. Ошого байланыштуу Министр Тилек Текебаев туннелдин ичиндеги жарыктарын жаңылап, жазында жолду асфальттоо иштерин баштоону тапшырды.

Ошондой эле Министр Тилек Текебаев стратегиялык мааниге ээ К.Көлбаев атындагы туннелди оңдоп — түзөө иштери сапаттуу, заманбап жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин баса белгиледи.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы