mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу ашуусундагы тыгындын себептеринин бири бул жүк ташуучу унаада кар чынжырларынын жоктугу жана тормозунун  иштебей калышы себеп болду.

 

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, туннелдин түндүк тарабынан 128-чакырымында чиркегич жүк ташуучу унаадан илинип, жолду тосуп калгандыктан унаа тыгыны пайда болду. Транспорт министрлигинин №9 ЖТИ кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымына чейин унаалардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо максатында жүк ташуучу унанын чиркегичин сүйрөп жолдон чыгарыш үчүн жөнөп кетишти. Учурда бул тилкеде өтүү бир тилкеде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жол кызматкерлери трассаны кардан тазалап, тайгакка каршы материалдарды чачууда . Ушундай эле жумуштар республиканын Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларында жолчулар тарабынан жүргүзүлүүдө.

2022-жылдын 30-ноябрында саат 17:00дө Сосновка транспорттук көзөмөл пунктунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип, ал азыркы убакытка чейин күчүндө.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, жана жасалма тыгындарды жана жол кыймылын жаратпоо үчүн ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.

ТжКМ ошондой эле унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн ашууларга киргенде кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуулардан өткөндөн кийин тегиз жерлерде жолду деформациялап албаш үчүн кардын чынжырларын алып салуу керек экендигин эскертебиз

КР ТжКМнин басма сөз кызматы