mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Сосновка постунда бүгүн, 13-март саат 6:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунун 120-209-чакырым аралыгында кар жаап жатат.

№9 жол тейлөө ишканасы тарабынан аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы