mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сара-Кыр (Казарман-Жалал-Абад унаа жолу) Калмак-Ашуу (Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолу) ашуулары каттам үчүн убактылуу жабылды

2022 жыл, 19 октябрь күнү.

Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы “Сары-Кыр” ашуусу жергиликтүү райондук администрациясынын макулдашуусу менен аба-ырайынын бузулушуна байланыштуу, боло турган кырчыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана өзгөчө кырдаалдаргы чара көрүү даярдыгын күчөтүү максатында убактылуу жабылды. Азыркы учурда техникаларды кучөтүлгөн тартипте ишке салууну жана ошондой эле жол каттамын кечиктирбестен тез арада тазалоо боюнча иш чаралар жүрүүдө. Ошондой эле, Соң-Көл жайлоосуна баруучу Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 27-37 чакырымындагы “Калмак-Ашуу” белин, жергиликтүү райондук администрациясынын макулдашуусу менен, кыш мезгилине карата жана кар көчкүлөрүнүн тушүүсүнөн жарандардын жол кырсыктарына кабылбоосун алдын алуу максаттарында каттам убактылуу жабылды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы