mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республикалык бюджеттин эсебинен Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 13 чакырым бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри  Т.Текебаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен биргеликте Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (28 км-35 км, 41 км-47 км) участкаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча  ишке киргизди.

 

Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаевдин 2023-жылдын 28-февралындагы “Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун участокторун (28 км – 35 км, 41 км – 47 км) капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө» буйругуна ылайык, жер иштери  жолдун жогорудагы бөлүгүндө башталды. Тактап айтканда, «Кыргызавтожол» МИнин №37 ЖТИнын күчтөрү учурдагы жолдун 33+800-чакырымынан 34+000-чакырымына чейин (сол тарабында) жараксыз топурактарды казуу үчүн таштанды төгүүчү жайга чейин казууга киришти. Ошол эле учурда, «Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки бөлүгүн реабилитациялоо» компоненти боюнча эл аралык консультант тарабынан сунушталган долбоорду ишке ашыруунун графиги сакталса, анда Эл аралык жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча (КР) -Р4) Подрядчы менен келишим 2023-жылдын 4-кварталында гана түзүлүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу долбоорго уруксат пакетин даярдоо жана учурдагы сезондун башталышы менен курулуш иштерин баштоо боюнча бардык процедураларды тездетүү боюнча иш-чаралардын планын кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл болду.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы