mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республика боюнча айрым жерлерде кар жаап жатат, унаалардын бардык түрлөрү үчүн жолдордо каттам бар

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 6-февралында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күн бүркөө болот. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Чүй облусунда +4…+9; Таласта +3…+8; Баткенде +6…+11; Ош жана Жалал-Абад облустарында +6…+11; Ысык-Көлдө +1…+6, Нарында -2…-7.

 

6-февралда республиканын айрым жерлеринде кар жаайт. Ала-Бел ашуусунда ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №23 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымында 228-чакырымында кар күрткүлөрү тазаланды. Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымынан 427-чакырымына чейинки бөлүгүндө №30 ЖТИнын кызматкерлери жолду таштардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Калган ашууларда: Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Долон, Чар, Акбейит, Түзбел, Торугарт, Кувакы, Кызарт жана Карагоо ашууларын КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол тейлөө ишканаларынын (ЖТИ) кызматкерлери жолдорду кар күрткүлөрүнөн жана жана тайгалоого каршы материалдардын (туз жана кум) камдоо иштерин аткарууда. Бардык жолдор унаалар үчүн ачык.

Эске салсак, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 190-чакырымынан 215-чакырымына чейин, Жалал-Абад облусундагы Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымына чейинки Сары-Кыр ашуусу жана Ат-Башы-Кында ашуусу. Нарын районундагы Кында-Торугарт унаа жолу ушул убакка чейин жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен жабык.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.
Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы