mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Проект КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Проект

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
72-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».
2-берене.
«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15 жана 16-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15-статья.
Айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн менчик ээси мамлекеттик алымды төлөбөстөн, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарын эске алуу менен аны сатууга укуктуу.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
16-статья.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, ѳзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».

3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын
Президенти

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Негиздеме-маалымкат

1. Максат жана милдет
Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети, тѳмѳнкү Макуулдашуулар боюнча милдетмелерди аткаруу:
а) 2019-жылдын 18 июлунда № 87 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, Бириктирүүчү жолдун БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо Долбоору боюнча, 2018-жылдын 28- декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндөгү Макулдашуусу.
Макулдашуунун 5-Тиркемесиндеги 8-пункттарынана ылайык, Алуучу жумуштар боюнча тиешелүү Келишимдин алкагында макулдашылган графикке ылайык, иштин аткаруучусу (Подрядчик) үчүн жеткиликтүү болуп, Долбоор үчүн талап кылынган бардык жерлерди жана бөлүнүп берилген жер тилкелерин камсыз кылат жана жерди алып коюу жана көчүрүү боюнча бардык чараларды жүзөгө ашырууну төмөнкүлөргө ылайык камсыз кылат.
б) Кыргыз Республикасынын жана Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы 2014 жылы 20 мартта кол коюлган “Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо. Фаза-4” Долбоорду каржылоо макулдашуусунун № 2 тиркемесине ылайык, Азия Өнүктүрүү Банкынын “Коргоо чаралар боюнча саясаты жөнүндө Жобосу” операциялык саясаты ушул Макулдашуунун алкагында колдонолуучу эреже жана жол-жобосу болуп эсептелет.
в) Азия Өнүктүрүү Банкынын Коргоо чаралары боюнча саясат жобонун 2-Кошумчасынын 8-пунктуна ылайык (коргоочу чаралар боюнча талаптар 2: Мажбурлап көчүрүү), Карыз алуучу/ Кардар жоголгон жерлерге, имарттарга жана курулуштарга ылайык жерлерге, имарттарга жана курулуштарга көчүрүүгө милдеттүү, же жарым-жартылай же толук жоготуунун наркын толуктоого милдеттүү.
Баяндоочу бөлүк
Кыргыз Республикасынын жана эл аралык каржы институттарынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында, Алуучу — Кыргыз Республикасы жолдун боюнда жашаган адамдардын каражаттарын алып коюу үчүн компенсациялар төлөөнмөйүнчө Подрядчыга жол участкаларды курулуш иштери үчүн өткөрүп бербөө боюнча милдетин алган. Демек, эгерде Заказчик компенсацияларды төлөөп бербесе жана Подрядчыга калган жол участкаларды өткөрүп бербесе, Подрядчы техника, жабдуулар, персонал иштебей токтоп тургандыгы үчүн талап койот. Подрядчынын талаптарын четке кагуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн эл аралык соттук териштирүүлөргө алып келип тышкы карызын көбөйтөт.
2020-жылы, Транспорт жана жол министрлиги төмөнкү долбоорлодун алкагында жолдун боюнда жашаган адамдардын каражаттарын алып коюу үчүн компенсацияларды төлөп берүүнү жана Подрядчыга жол участкаларды курулуш иштери үчүн өткөрүп берүүнү пландарштырууда:
 1 жана 3 БАРЭК коридорлорун бириктирген жол Долбоору, 2 этап — Кошумча каржылоо, (узундугу 68 км участок: Балыкчы км 0-43; Кочкор – Эпкин, км 62 – км 89,). Бул долбоордун алкагында 10 жеке менчиктеги айыл чарба жер үлүштөр алынууга каралган.
 «Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо Долбоору, Фаза IV» (узундугу 67 км участок: Маданият – Джалал-Абад, км 507-574). Бул долбоордун алкагында 294 жеке менчиктеги айыл чарба жер үлүштөр алынууга каралган (Ноокен районунда – 85, Базар-Коргон – 109, Сузак районунда – 100)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 73-статьясынын 1 пунктуна ылайык, Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча пайдаланат.
Бирок, 72-статьянын 3 пунктуна ылайык
5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат.
5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн.
Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мамлекеттик максат үчүн зарыл болгон учурларда (стратегиялык объекттерди жана инженердик курулмаларды куруу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жерлердин рыноктук наркын жана эсеп-кысап чыгымдарын төлөп бергенден кийин сатып алуу жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
Бирок 15 -статьянын ылайык
5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн.
Жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
16-статья.
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу.
Менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».

Жолдорду куруу жана реабилитациялоо максатында жолдун боюндагы бардык алынууга каралган айыл чарба жерлердин өлчөмү кичинекей жана 5 га жетпейт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүү киргизүү зарылчылыгы бар.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 72-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».
«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 жана 16-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

15-статья.
Айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн менчик ээси мамлекеттик алымды төлөбөстөн, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарын эске алуу менен аны сатууга укуктуу.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
16-статья.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, ѳзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
2009-жылдын 20-июлундагы № 241 “Ченемдик-укутук акты” жөнүндө КР мыйзамынын 22-беренесине ылайык, аталган Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо учүн _________________ КР Өкмөтүнүн www.gov.kg сайтына тиркелген.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү
Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Сунушталган долбоор кандайдыр бир каржылоону талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

Министр Ж. Бейшенов

Долбоор

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын;
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна
Маалымат-негиздеме

1. Максат жана милдет
Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети, тѳмѳнкү Макуулдашуулар боюнча милдетмелерди аткаруу:
а) 2019-жылдын 18 июлунда № 87 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, Бириктирүүчү жолдун БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо Долбоору боюнча, 2018-жылдын 28- декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндөгү Макулдашуусу.
Макулдашуунун 5-Тиркемесиндеги 8-пункттарынана ылайык, Алуучу жумуштар боюнча тиешелүү Келишимдин алкагында макулдашылган графикке ылайык, иштин аткаруучусу (Подрядчик) үчүн жеткиликтүү болуп, Долбоор үчүн талап кылынган бардык жерлерди жана бөлүнүп берилген жер тилкелерин камсыз кылат жана жерди алып коюу жана көчүрүү боюнча бардык чараларды жүзөгө ашырууну төмөнкүлөргө ылайык камсыз кылат.
б) Кыргыз Республикасынын жана Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы 2014 жылы 20 мартта кол коюлган “Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо. Фаза-4” Долбоорду каржылоо макулдашуусунун № 2 тиркемесине ылайык, Азия Өнүктүрүү Банкынын “Коргоо чаралар боюнча саясаты жөнүндө Жобосу” операциялык саясаты ушул Макулдашуунун алкагында колдонолуучу эреже жана жол-жобосу болуп эсептелет.
Азия Өнүктүрүү Банкынын Коргоо чаралары боюнча саясат жобонун 2-Кошумчасынын 8-пунктуна ылайык (коргоочу чаралар боюнча талаптар 2: Мажбурлап көчүрүү), Карыз алуучу/ Кардар жоголгон жерлерге, имарттарга жана курулуштарга ылайык жерлерге, имарттарга жана курулуштарга көчүрүүгө милдеттүү, же жарым-жартылай же толук жоготуунун наркын толуктоого милдеттүү.
Баяндоочу бөлүк
Кыргыз Республикасынын жана эл аралык каржы институттарынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында, Алуучу — Кыргыз Республикасы жолдун боюнда жашаган адамдардын каражаттарын алып коюу үчүн компенсациялар төлөөнмөйүнчө Подрядчыга жол участкаларды курулуш иштери үчүн өткөрүп бербөө боюнча милдетин алган. Демек, эгерде Заказчик компенсацияларды төлөөп бербесе жана Подрядчыга калган жол участкаларды өткөрүп бербесе, Подрядчы техника, жабдуулар, персонал иштебей токтоп тургандыгы үчүн талап койот. Подрядчынын талаптарын четке кагуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн эл аралык соттук териштирүүлөргө алып келип тышкы карызын көбөйтөт.
2020-жылы, Транспорт жана жол министрлиги төмөнкү долбоорлодун алкагында жолдун боюнда жашаган адамдардын каражаттарын алып коюу үчүн компенсацияларды төлөп берүүнү жана Подрядчыга жол участкаларды курулуш иштери үчүн өткөрүп берүүнү пландарштырууда:
 1 жана 3 БАРЭК коридорлорун бириктирген жол Долбоору, 2 этап — Кошумча каржылоо, (узундугу 68 км участок, Балыкчы км 0-43; Кочкор – Эпкин, км 62-89). Бул долбоордун алкагында 10 жеке менчиктеги айыл чарба жер үлүштөр алынууга каралган.
 «Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо Долбоору, Фаза IV» (узундугу 67 км участок, Маданият – Джалал-Абад, км 507-574). Бул долбоордун алкагында 294 жеке менчиктеги айыл чарба жер үлүштөр алынат (Ноокен районунда – 85, Базар-Коргон – 109, Сузак районунда – 100)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 73-статьясынын 1 пунктуна ылайык, Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча пайдаланат.
Бирок, 72-статьянын 3 пунктуна ылайык
5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат.
5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн.
Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мамлекеттик максат үчүн зарыл болгон учурларда (стратегиялык объекттерди жана инженердик курулмаларды куруу) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жерлердин рыноктук наркын жана эсеп-кысап чыгымдарын төлөп бергенден кийин сатып алуу жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
Бирок 15 -статьянын ылайык
5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн.
Жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
16-статья.
Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу.
Менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».

Жолдорду куруу жана реабилитациялоо максатында жолдун боюндагы бардык алынууга каралган айыл чарба жерлердин өлчөмү кичинекей жана 5 га жетпейт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүү киргизүү зарылчылыгы бар.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 72-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».
«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 жана 16-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
15-статья.
Айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн менчик ээси мамлекеттик алымды төлөбөстөн, ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптарын эске алуу менен аны сатууга укуктуу.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
16-статья.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, ѳзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюдан тышкары, мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.».

3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
2009-жылдын 20-июлундагы № 241 “Ченемдик-укутук акты” жөнүндө КР мыйзамынын 22-беренесине ылайык, аталган Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо учүн _________________ КР Өкмөтүнүн www.gov.kg сайтына тиркелген.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү
Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Сунушталган долбоор кандайдыр бир каржылоону талап кылбайт.
7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

Министр Ж. Бейшенов

2 Закон КР_кырг

4 Справка-обоснование Закон КР_кырг

5 Постановление ПКР_кырг

6 Справка-обоснование Постановление КР_кырг