mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош шаарында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча эки күндүк семинар өтүүдө

Ош шаарында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча эки күндүк семинар өтүүдө.

26-27-апрелге пландалган иш-чарага министрликтик ведомтсволук түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кызматкерлери катышууда. Окутууга ошондой эле Россия Федерациясынан техникалык илимдердин кандидаты Антон Негуляев чакырылган.
Белгилей кетсек, буга чейин тренинг, семинар, окутуулар үчүн жылына 10дой кызматкерлер чет өлкөгө жөнөтүлүп келсе, эми чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга келип, билгени менен бөлүшүп, кызматкерлерди окутуп жатышат. Мындай тренинг, семинарлар буга чейин Нарында, Бишкекте, Ошто уюштурулган.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана Транспорт жана коммуникациялар министринин демилгеси менен өтүп жаткан окутуулар дагы да үзгүлтүксүз уланып, кызматкерлердин билимин жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга мындан ары да чоң көңүл бурулат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы