mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 161-162, 177-178 чакырымдарында жана башка 4 жерде кар көчкү түшүп, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 161-чакырымынан 162-чакырымына чейин, 177-178-чакырымында жана башка 4 жерде 4 жолу кар көчкү түшкөн. Беш кар көчкүнүн жалпы көлөмү 7000 м3 түзгөн. Ал жердеги техникалардан тышкары көчкү түшкөн жерге кошумча грейдер, кар тазалоочу Супра жана бир фрондук жүктөгүч жөнөтүлдү. Буга чейин жол кызматкерлер жолду түшүп калган эки кар көчкүдөн тазалап, бул кар көчкүнүн ортосунда турган унаалардын өтушүнө шарт түзүлгөн  . Кар көчкү түшкөн башка жерлерде жолдор жабылганын Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №960 ЖТИнын кызматкерлери билдирди.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кардын калыңдыгы 15-18 см, бул жерге атайын техника тартылган: Торугарттан 1 ТжКМнин кар тазалагыч, Тузбел ашуусунда 1 ИСУЗУ кар тазалоочу, 1 Мех жүктөгүч, 1 КЭР бульдозери Ак -Бейит ашуусу, Чар ашуусунда КЭРден 1 автогрейдер, Ат-Башыда 1 Мицубиси автогрейдери, Ат-Башыда 1 ДЗ-143 автогрейдери кар тазалап, инерттүү материалдарды кошууда.

Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда кар күрткүсү байкалып, бул жерде №4 ЖТИнын кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды кошуу иштерин жүргүзүүдө. Барскоон-Ак-Шыйрак-Сөөк унаа жолундагы кар жээктерин тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымына чейинки тилкесинде  6-7 см кар түшкөн  ЖТИнын кызматкерлери тайгакка каршы материалдарды чачуу иштери жүрүп, жол каттам үчүн ачык. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-271-чакырымдарында инерттүү материалдар чачылган.

Ушундай эле иштер Бишкек-Ош унаа жолунун 315-чакырымынан 427-чакырымына чейин, Көк-Бел ашуусунда жана Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда жүргүзүлүүдө. Нарын районундагы Долон ашуусунда 287-чакырымдан 296-чакырымга чейинки тилкеде калыңдыгы 9-10 сантиметрге жеткен кардан тазаланып, бул жерде №41 ЖТИнын  жумушчулары тайгактан сактануучу материал менен толтуруу иштерин жүргүздү.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы