mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо, 75-108 км» долбоору боюнча курулуш иштери уланууда

«Ош-Баткен-Исфана 75-108 км автожолун реконструкциялоо» долбоору (Баткен облусу, Кадамжай району) көпүрөнүн курулуш иштери уланууда жана асфальт жаткыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
2020-жылдын январь-май айынан баштап Алке Иншаат Санайиве Тижарет подряддык компания долбоорлук тилкеде кышында жолду тейлөө иштери жасалган, ошондой эле бул убакыт аралыгында 3000 м3 инерттик материал даярдалган.
Долбоорлук тилкеде көпүрөнүн экинчи тиречинин курулушу аяктаган, учурда курулуш иштери уланууда. Ал эми биринчи тирөөчтө арматура жаткырылып, бетон шкафтык дубалдар жасалууда. Ошондой эле ордуна көпүрөнүн курулушуна зарыл болгон материалдар жеткирилди.
75+000-80+500 км бейс – 5500 м. жаткырылды, 78+450-80+480 км асфальтбетон жаткырылды – 2030 м.
5,8 млн. долл башкача айтканда курулушка каралган каржынын 32,1 пайызы пайдаланылып, төмөндөгү иштер аткарылды:
— жер иштери 72459 м3;
— 147 даана суу түтүктөрүнүн курулушу аяктады;
— 98+896 км жаны көпүрөнүн курулушу аяктады;
— 20 км жолго асфальтбетон жаткырылды;
— 90+350 км көпүрөдө ондоо иштери жүргүзүлүүдө;
— 78+342 км көпүрөдө курулуш иштери жүрүүдө, курулуш 70 пайызга бүткөрүлдү;»Ош-Баткен-Исфана, 75-108 км» долбоору.
Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 21,32 млн. долларга каржыланууда.
КР Өкмөтүнүн каржылоосу – 2,44 млн. долл түзөт.