mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын шаарынын Ж. Алаев атындагы көчөсүнө асфальт төшөлдү. Аймактарда аткарылган иштер

Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун 45-46-чакырым аралыгындагы суу өтүүчү түтүктөрдү алмаштыруу жумуштары жүрүүдө.

Бишкек-Ош жолунун 315-427-чакырымдарында жол четин ирээтке келтирүү, жол элементтерин жана көпүрөлөрдү актап, сырдоо иштери аткарылды. Ошондой эле Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолундагы суу өтүүчү түтүктөр тазаланды (0-71-чакырым аралыгы).

Нарын шаарынын Ж. Алаев атындагы көчөсүнө асфальт төшөлдү (264 метр).

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун жээгиндеги таштандыларды тазалоо жана жол белгилерин жаап калган чырпыктарды кыюу иштери жүрүүдө.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 116-135-чакырым аралыгындагы жол белгилерин актап, сырдоо жумуштары аткарылды.

Баетов-Макмал унаа жолун тегиздөө иштери жүрүүдө (4-90-чакырым аралыгы).

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы