Нарын облусундагы №14-Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Каналбек Бердибековдун маеги
- 537 просм.
Жолдон баарыбыз эле өтүп жүрөбүз, бирок ошол жолду канчалык азап-мээнет менен тейлеп жатышкан жолчулардын эмгегине да маани бербейт окшойбуз. Төмөндө Нарын облусундагы №14-Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Каналбек Бердибековдун айрым ойлоруна көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.
Жергиликтүү жолдорго каражат аз бөлүнөт
№14-Жол тейлөө мекемеси Сарыбулак- Арчалы- Оруктам — 176,7км, Сарыбулак — Соңкөл — 90км, Лахол-Жеркөчкү-23км, Болгарт-Жылуусуу — 35км, Сарыбулак — Аккыя — 24км жолдорун, жалпы жонунан 348,7 километрдей жолду тейлейбиз. Анын ичинен 335,2км шагыл жолдор.
Негизи шагыл жолду оңдоп тейлөө үчүн , асфальтталган жолго караганда каражат көп сарпталат.
Биздин мекемеде 33 адам иштейт, жетөөсү аппаратта. Жумушчуларды тандоодо көбүнчө кесипкөйлүгүнө карайбыз. Мурда эски иштегендер эле калып, жаштар дээрлик келчү эмес. Мен келгенденден бери жаштарды көп кабыл ала баштадык. Алар 2-3 айда эле баардык жумуштарды өздөштүрүп ишти алып кетип атышат.
Жол тармагы мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Тилекке каршы жолдорду оңдоп тейлоо үчүн, негизги нормативдерде көрсөтүлгөн каражаттарга караганда, азырынча 20-25%га чейин гана каражат бөлүнүп келүүдө. Мунун баардыгы тең эле өкмөттүн экономикалык абалына, шартына жараша жетишпей атканын биз билебиз.
Биз ар бир жылдын тогуз айында өзүбүз план-долбоорлорду беребиз. Ошол план-долбоордо, мисалы быйылкы жылга 2 км асфальт, 10км “шагыл төгүү” киргизилсин дегенбиз. Дагы эле бюджеттин тартыштыгынан 2км асфальт кирген жок, ал эми 10кмдин ордуна болгону 4км шагыл төгүүгө каражат берди. Баары келип эле ошол бюджетке такалып калат.
Техникабыз начар, эптеп иштетип жатабыз
Менин №14-Жол тейлөө мекемесине келип иштегениме 3 жылдын жүзү болду. Техника башкалардыкына салыштырмалуу эң эле төмөнкү деңгээлде, материалдык-техникалык базабыз начар. Бул маселе боюнча көп жолу Минтранска деле, Жол чарба департаментине, обладминистрацияга чейин кайрылып атам, бирок тилекке каршы шарт жок болгондуктан алар бере албай жатышат. “Быйыл буюрса күзүндө техника бөлүнөт, ошондо карайбыз, жардам беребиз”-деп, азыркы министрибиздин, жол чарба департаментинин директорунун убадасы бар. Ошол бөлүнүп калса экен деп тилейбиз.
Бизде болгону 2 автогрейдер бар. Бирөө эски аябай 1982-жылкы. Ал автогрейдер бир күнү оору, бир күнү соо болуп, эптеп оңдоп кайра жүргүзүп атабыз. Мехпогрузчик , автосамосвал, кран монипулятор жок. Шагыл жолду ар дайым сүрүп туруу үчүн нормативдер боюнча 60кмге бир автогрейдер талап кылынат. Ошондо менде 6 автогрейдер керек болуш керек. Эми, кыскача айтканда эптеп колдон келишинче бөлүнгөн каражатка, абалына карата ылайыктап иш жүргүзүп атабыз. Ошондуктан элдердин суроо-талаптары толук мүнөздө аткарылбайт, аны да туура түшүнүшүбүз керек.
Жол кырсыгынын негизги себеби жол эрежесин билбегендик, адыраңдап катуу айдоо
Жолдо көп кырсыктар болуп жатат, айрыкча кийинки жылдары. Көбүнчөсү ылдамдыкты сактабагандыктан болууда. Буга чейин №955-Жол тейлөө ишканасында көп жыл иштегем. Эми №14-Жол тейлөө мекемесине келгенден бери жолдун начардыганан эч бир ДТП болгон жок. Өз алдынча изилдеп көрсөм, бүт баары жогорку ылдамдыкта жана мас абалында болуп айдашат, техникасын жакшы карабайт, кээ бирөөнүн дөңгөлөгүнүн шаровойлору ыргып кетет, ала салышат, ал эмес шагыл тасмасында автоунаанын ылдамдыгы 60км/сааттан ашык айдабаш керек болсо, 120км/саат менен айдап, жолчуларга тоскоол кылып чаңдатып өтүшөт. ДТП болгон учурларда МАИлер менен биргеликте иштейм. Ошол айдаган айдоочуларга, элдерге түшүндүрүп айтып келе жатам.
Ар кайсы жолугушкан жерлерде “силер жол кыймылынын коопсуздук эрежесин окудуңар беле, билесинерби? Ал жерде жок дегенде пункт 10.1 дегенди окудунар беле?-десем, бири да жооп бере албайт, ал эмне экенин дагы билишпейт.
Ал пунктта жолдун абалына, аба ырайына шартына карата, ар кандай ситуацияга карата ылдамдыкты ченем менен акырын айдаш керек деп көрсөтүлүп турат. Айдоочуларда андай деген жок, өзгөчө грейдер суруп кеткенден кийин, өтө жогорку ылдамдыкта айдап удургутуп эле кетишет. Жолдо иштеп аткан жумушчуларга эмне болот, таш тиеби, алар менен иши жок. Аягында келип эле жол жаман, ДТП ошондон болуп атат, секирип кетти дешет, а факты боюнча андай болбойт, ошол пункт 10.1дин талаптарын аткарса, эч кырсык да болмок эмес.
Эгерде талаш болсо МАИлер менен барып чечишип, далилдеп беребиз өз учурунда, кимдин күнөөсү экенин себептерин аныктайбыз. Биздин тейлеген жолдор жайлоонун жолу болгондондуктан Сарыбулактан нары өткөндө МАИ жок деп туруп, көпүрөдөн нары өтүп алып ичишет, андан ары кетишет, кээде кырсыкка кабылат. Биздин жолдо МАИ кызматкерлери турбайт, алар эл аралык жолдо, асфальтталган магистралдарда турушат. ДТП болгондо гана барып калышат. Азыр жолдо МАИ кызматкерлери жок. Сарыбулактан Арчалы,Оруктамга чейин, быягы Соңкөлгө чейин көрбөйсүн.
Жолду сактоо боюнча министрликтин буйругун эч ким аткарбайт
Азыр Кудайга шүгүр инвестиция тартылып эл аралык жолдор бүт баары оңдолуп келатат. Мисалы, мындан 5 жыл мурун Кочкор-Нарындын жолдору адам ыйлагандай болчу, кайсы чуңкурдан буйтап, кайсы жерге кирерин билчү эмес. Ошолор оңдолуп эл аралык стандартка ылайыкталып жасалды. Жаңы курулган жолдорду сактап калыш үчүн Минтранстын күн 28°тан ысык болгондо жүк ташуучу техникаларды жүргүзбөө жөнүндө буйруктары бар, алар аткарылбайт. Менин көргөнүм боюнча бир да жүк ташуучу унаа токтогонун көргөн жокмун. Быйыл мисалы 40-42°ка чейин ысык болду, а жүк ташуучу унаалар ошол жолдор менен эле өтүп жатат. Мунун баары жолго залакасы тийип, жолдун тез бузулушуна шарт түзөт. Буйрук, буйрук боюнча калып калып атат. Автоунаалардын салмагын козомолдоо кызматы жана МАИкызматкерлери көзөмөлдөп караш керек болчу. Көзөмөл жок болгондуктан, жук ташуучу унаалар ары деле өтүп атат, бери деле өтүп атат. Менин түшүнүгүм боюнча көрмөксөн болуп коюп атышат деп ойлойм.
Түндүк-түштүк жолу бүтсө жакшы болот
Жолго бирөөлөр жеке инвестиция болуп каражат салганын көрө элекмин. Мисалы биз тейлеген Сарыбулак-Арчалы-Оруктам автожолу аркылуу мрамор акташын иштетип тарткан Акташ, Дордой-Доломит фирмалары бар. Солтонсарыда алтын иштеткен фирма бар. Жолду ошолордун автоунаалары өтүп талкалашууда. Бирок жолду тейлөө үчүн бир да сом жардам беришпейт. Кенди иштеткен фирмалар кудайга шүгүр жакшы эле байып жатышат. Ушул маселени чечүү үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн кийлигишүүсү керек болууда.
Мамлекет инвестицияларды таап, эл аралык жолдорду салып атат. Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сарыташ-Иркештам ушулар аяктап калды. Түндүк-Түштүк деген стратегиялык мааниси бар чоң жол салынып атат. Ал да бүтүп калса жакшы эле болот. Анткени Кочкордон Чаекти көздөй жолдор өтө эле начар, андан тышкары түндүк-түштүктүн элдерин дагы байланыштырганга да жакшы жол болуп калат. Туннелдер эл аралык талаптарга ылайыкталып салынып атат.
Ал эми жергиликтүү жолдорго каражат өтө аз бөлүнүп атат. Мисалы, транспорттук салык 100% айыл өкмөтүндө калат. Андан тышкары, мурун райондордогу РДЭСУ тейлеген жайлоого кеткен жолдорду бизге бөлүп салды. А каржылоо булагы чечилген жок. Менин оюм боюнча анын ордуна Жайыт комитеттери түзүлгөн. Акча каражаттары каякка кетип жатканын мен дагы эле түшүнбөйм, же айлык алып эле отурушабы. Ушул маселени мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлде карап чыгышса дейм. Ал акчаны чогултуп туруп жолго берсе, жолдун сапаты жакшы болот эле да.
Сиздерге рахмат, журналисттер жолдун абалы боюнча көп сурашат. Көйгөйүбүздү айтсак түшүнүшөт. Мен Акипрессти жамандабайм, алар үстүртөдөн же журналисттик иликтөөсү жок эле бирөө ушинтип айтты деп жолчуларга сөз тийгизгенде кичине нааразы болуп кетем. Ички көйгөйдү түшүнбөй туруп эле жол жаман, минтип коюптур, тигинтип коюптур дегендери жолчулардын көңүлүн оорутат да. Ошону менен ак жерден каралабай, ачык анализ жүргүзсө деген ойлорум бар.
Жолчуларды туура түшүнүшсүн
Бизди СССРдин убагында аябай сыйлачу эле, азыр акыркы орунга койгондой болуп калды. Биринчи эл өзүлөрүн, жолго кылган мамилесин тууралаш керек, эреже менен адыраңдатып качырбай айдаш керек. Шагыл жолдон ылдамдыгын 60кмден ашык айдабаса экен, кырсыкка кабылбаса экен деп, жолчулардын тилеги эле ошол. Биринчи жолдо жүргөн элдердин коопсуздугун ойлойсуң, “кырсык болбосо экен” деп жакшы тилектерди эле каалайт баардык жолчу. Ошону туура түшүнүшүп коюуусун, өтүнөм.
Табият кырсыгы көпчүлүк учурда жол тармагына биринчи кезекте тиет. Баардык кыймыл аракеттин баары жол аркылуу болуп аткандан кийин, эки жакты бириктирген нерсе жол да. Быйыл Төлөк айылынын тегерегинде катуу жаандан кийин 3 жолу өзгөчө кырдаалдар абалдары болду. Мен ӨКМ кызматкерлеринин кылган иштерине кичине нааразымын, буга чейин деле нааразы болуп жүрчүмүн. Мисалы Төлөк айылын айланып өткөн, селдерди алып өтүүчү канал ОКМ аркылуу курулду. Заказчик айыл өкмөтү болчу. Бирок алар каналды жолдун эки тарабынан казып келип жолго такап коюшту.
ӨКМ курулушту пректно-сметный документациясы менен жүргүзөбү же өз каалагандай иш жүргүзөбү түшүнбөйм. Ар бир курулуштун проектно-сметный документациясы болуп, иш ошол аркылуу жүргүзүлүш керек болчу. Ким аркылуу курулуш аткарылып, каржы булактары чечилиш керек эле. Айласыздан учурдагы оңдоо эсебинен өзүбүздүн күч менен жолго сел агындылары өтүүчү труба орноттук.
ӨКМ кызматкерлери жолчулар жаман деп, уялбай телевидениеден айтышат. А биз зарыл каражатты көктөн алалбайбыз да, туурабы? Мисалы жолчулар күндөлүк өзүлөрүнүн маселесин өзүлөрү чечип кетишет. А табият кырсыгындачы? Мисалы Төө-Ашуу. Ар кайсы жерде кар көчкү, андай-мындайлар да болот. Мен көргөнү бүт баардыгына Минтранска тийиштүү техникалары мобилизацияланат дагы, тазаланат. Телевидениени карасан эле ӨКМдин кызматкерлери биз баланчаларын тазалап салдык деп мактанышат. Ал эми жолчулардан бирөө да айтпайт, биздин жолчулар эч кандай дардаңдабаган, мактанбаган эл.
Маектешкен
Наргиза КАЗАКБАЕВА