Талас: Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө пунктунун айланасы иретке келтирилип, жол чийиндери чийилүүдө
- 109 просм.
Талас облусунун Манас районундагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пунктунун айланасы жана кирип-чыгуу жолдору асфальтталып, жол чийиндерин чийүү иштери аткарылууда.
Капиталдык салымдар беренесинин тизмесине кирген «Чоң-Капка» пунктунда транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында кирип-чыгуу жолдор 2 тилкеден 4 тилкеге кеңейтилди.
Учурда унаа токтотуучу жайдын айланасын асфальттоого жердин негизин даярдоо, жолду бөлүп турган темир тосмолор орнотулууда.
Жумуштар министрликке караштуу № 48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы