Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47 чакырымындагы таш кулап Жазы дарыясын тосулуп, жолду суу каптап кетти
- 485 просм.
2017-жылдын 8- май айында болжол менен түнкү саат 10-дор чамасында Мырзаке-Кара-Шоро автожолунун 47-чакырымында тоодон таштар кулап Жазы дарыясын бөгүп калган. Натыйжада суунун көлөмү өйдө көтөрүлүп жолго чыгып автоунаанын катташана оорчулук туудуруп жатат.
Азыркы убакта №5 жолтейлөө иш-канасы тарабынан таштарды жардырып тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен макулдашуулар жүрүп жатат. Тазалоо итерине №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан бир бульдозер, бир погрузчик жана ишкананын жумушчулары даярдалды.
пресс- кызмат