МТиКМнин башчысынын орун басары Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек суу канал ишканасынын жетекчилери жана ChinaRailway №5 подряддык компаниясынын адистери жана консультанттары менен биргеликте Бишкек-Ош унаа жолунун 9.02 км (Киркомстром) бөлүгүндө болушту
- 515 просм.
2021-жылдын 7-июнунда, МТиКМнин орун басары Нурланбек Кайынбаев Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын суу чарба ишканасынын жетекчилери , ChinaRailway №5 подрядчик компаниясынын адистери жана консультанттары менен бирге Бишкек-Ош унаа жолунун 9.02-чакырымында (Киркрмстром) болду. Аталган жерде асфальт жана лотокторду төшөө үчүн жер иштери жүрүп жатат. Бирок, эски асфальт бетон жолду бойлой ачылганда, шакекчелери бар суу түтүктөрү болгон жол долбоорун иштеп чыгууда. Алардын бар экендиги эске алынган эмес. Турак жай конушунун калкына жаңы түтүктөрдү орнотууга жана суу менен камсыз кылууга көмөктөшүү талаптарына байланыштуу, жогоруда аталган адистер калк менен жолугушуп көйгөйдү чечүү маселелерин талкуулашты. МТиКМнин бул турак жай конушунун калкына шаар тургундары сатып алган түтүктөрдү жана шакектерди орнотууга жардам берет. Ал эми шаардык суу чарба ишканасынын өкүлдөрү суу каналдын магистралдык линиясын кесип өтүшөт.
Жакында эле Бишкек-Ош жолунун 9.02 чакырымына (Киркомстром) төшөлгөн суу түтүгү аталган участокто топтолгон суунун жолдун түндүк тарабына жана андан ары калктуу конуштан тышкары агып кетишин камсыздайт. Белгилүү болгондой Киркомстром участкасында эффективдүү дренаж тутумун куруу максатында 2021-жылдын 21-майында ChinaRailway №5 подряддык компаниясы жана курулушту көзөмөлдөгөн консультант диаметри 1 метр келген дренаждык түтүктү тартуу үчүн жер иштерин башташкан. 2021-жылдын 3-июнуна карата подрядчик Бишкек-Ош жолунун 9.02 чакырым аралыгы аркылуу дренаждык түтүктү төшөп бүттү жана асфальт менен лотокторду төшөө үчүн жер казуу иштерин улантууда. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында келген суунун нугун буруп жолдун эки тарабына 520 метр темир-бетон лотокторун төшөдү. Андан сырткары 6 тилкелүү асфальт-бетон тротуары дагы төшөлөт.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик менен келишим түзүлүп, лотоктордон чыгарылган суу андан ары тиешелүү дренаждык каналдар аркылуу өтөт. Болжол менен 2021-жылдын июль айынын аягына чейин бүтөт деп күтүлүүдө.
МТиКМги турак жай конушунун жашоочуларынан жана автоунаа айдоочуларынан Бишкек шаарында курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыктан Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана бул жерде жол кыймылынын эрежелерин сактоону суранат.
Бишкек-Кара-Балта жолунун узундугу 52,5 км (8,5 кмден 61 кмге чейин) бөлүгүнүн курулуш иштери жана оңдоону Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгынын (БАРЭК) 3-коридорун жакшыртуу долбоорун ишке ашырып жаткан ChinaRailway №5 подрядчик компаниясы жүргүзүүдө. Бишкек-Ош унаа жолу 4-фазасы. Подрядчик компания менен негизги келишимге толуктоону түзүүнүн натыйжасында, Бишкек-Кара-Балта жолунун 7,4 км (8,5 — 15,9 км) узундуктагы бөлүгү 21-июлда ChinaRailway №5 подрядчик компаниясына өткөн. Тиешелүү долбоорду ишке ашыруу 2020-жыл болгон.
КР ТжКМ басма сөз кызматы