mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Москва-Бишкек, Москва-Ош жана Новосибирск-Бишкек аба каттамдары жумасына бир жолу аткарылат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 20-мартында саат 00:00дө Бишкек жана Ош шаарларына/шаарларынан чыккан бардык эл аралык каттамдар токтотулат.

Жүк ташуулар, ошондой эле төмөнкү жүргүнчүлүк каттамдар гана ишке ашырылат:

— Москва-Бишкек – жумасына 1 жолу;

— Москва-Ош – жумасына 1 жолу;

— Новосибирск-Бишкек – жумасына 1 жолу.

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынын жүрүшүндө калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасына учкан бардык каттамдарга жогоруда көрсөтүлгөн убакытка чейин жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине бардык чет элдик жана ата мекендик авиакомпанияларга кабыл алынган чечим тууралуу билдирүү тапшырылды.

Ошондой эле, Транспорт жана жолдор министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине, Мамлекеттик чек ара кызматына жана «Манас» Эл аралык аэропортуна 2020-жылдын 20- мартынан тартып Кыргызстандын эл аралык аэропортторуна келген аба учактардын экипажын тейлөө алгоритминин долбоорун бекитүү тапшырылды.

Республикалык штаб бул кабыл алынган убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.