mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Эки жылда 1386 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджеттин аткарылышы жана алдыдагы жылдардын бюджети тууралуу маалымат берип жатып, акыркы жылдары транспорт жана жол тармагында жасалган иштер туурасында кыскача айтып өттү.

Төрага соңку эки жылда 1386 чакырым жолго асфальт төшөлүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын жаңылоо үчүн атайын техникалар алынып келингенин белгиледи. Ошондой эле ал, өлкөгө жеткирилген битумдун көлөмүн көбөйтүү каралып жатканын айтып өттү.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги быйыл жылдын аягына чейин республика боюнча 621 чакырым жолго асфальт төшөө иштерин пландаштырып, бүгүнкү күнгө 651 чакырым жолго жаңы асфальт төшөдү. Бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлүмүнүн көбөйүшү жана өлкөгө алынып келинген техникалардын жардамы менен план ашыгы менен аткарылды.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы