Мамлекеттик маанидеги унаа жолдорду тазалоо жана андагы жол белгилерин сырдоо иштери кызуу жүрүүдө
- 517 просм.
Жай мезгилинде туристердин агымы көбөйгөнү мамлекеттик маанидеги унаа жолдордун абалына жана тазалыгына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (306-345-чакырымында) парапеттердин түбүндө өскөн чөптөрдү жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун чөгүп кеткен жерлерине жол белгилери орнотулду. Ал эми Көкмойнок-Кувакы автожолунда (0-26.1 км) жайкы белги берүүчү мамычаларды жана жол белгилерин сырдоо иштери жүрүп, эс алуу аянтчалары таштандылардан тазаланууда. Нарын-Өрүк-Там автожолунун 20-50-чакырым аралыктарын автогрейдер менен профилировкалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле, Ат-Башы-Развилка унаа жолунда парапеттин түбүндө өскөн чөптөрдү кыруу жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштери жүрүүдө.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.