mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мамкурулуш агенттиги 2021 жылдын 1 кварталында 512 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди

Мамкурулуш агенттиктин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 1 кварталында курулуш тармагынын адистери үчүн 512 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди.

Регионалдык мааниси боюнча эң көп сертификаттарын Бишкек шаары боюнча – 291, Чүй – 37, Ош – 69, Жалал-Абад – 32, Ысык-Көл – 45, Нарын – 18, Талас – 15 жана Баткен боюнча адистер — 5 сертификат алышты.

Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга– 154, излдѳѳчүлѳргѳ – 12, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 132, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 12, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 202 квалификациялык сертификаттары берилген.

Белгилей кетсек, 39 адистерге компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган, биринчи жолу 303 адиске берилип жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 209 адиске узартылган.