mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет ички жолдорго 350 чакырым асфальт бастык”

—Жамшитбек Калилович, министрликте кандай ийгиликтер жана кемчиликтер болуп жатат, сѳздү ушундан баштасак?

—Кудайга шүгүр ийгиликтер абдан кѳп, ошону менен бирге кемчиликтер да бар. Маселен, техникаларды сырттан грантка алып келе берип, аларды оңдоп-түздѳѳ иштерин кѳз жаздымда калтырган экенбиз. ДЭУлардын мойнуна жүктѳп коюппуз, алар жѳнѳкѳй эле майын алмаштырайын десе бюджеттен акча бѳлүнбѳй, техника иштен чыгып калган учурлар болду. Сырттан келген техникалардын колдонуу эрежесин билбеген адамдарга берип, мѳѳнѳтүнѳ жетпей бузулуп калган фактылар катталды. Ошол кемчиликти жоюп, биз былтыр илимий ѳндүрүштүк борбор ачтык. Ал келген техникаларды сапаттуу колдонууну үйрѳтѳт. Ийгиликтүү ишибизге былтыркы жылы биринчи жолу министрлик эларалык үч чоң конференция ѳткѳргѳнүн айта кетсек болот. Ошондой эле ири проектинин бири, Түндүк-Түштүк алтернативалуу жолун эң жогорку технологияда куруп жатабыз. Орто Азия боюнча биринчи ирет ѳтѳ оор табийгый шартта экинчи категориядагы жол курулууда.

—Авияция кара тизмеден чыктыбы, темир жолдо кандай жылыш барбы?

—Ооба, авияция 2009-жылы кара тизмеге кирген. Азыр кадамдуу программаларды бекитип, ошону менен иштеп жатабыз. Эларалык аудиторлор жыл сайын эскертүү берип келген эле, былтыр гана кемчилик тапкан жок. Биз кара тизмеден чыгабыз деген максат бар. Мындан сырткары, ички жана сырткы каттамдарды кѳбѳйтүү, тарифтерди ылдыйлатуу боюнча иштерди жасатуудабыз. Темир жол боюнча дагы иштер алдыга жылууда. Ички тарифке ѳткѳндѳн баштап товарлардын баасы тѳмѳндѳдү. Материалдык-техникалык базаларын чыңдоо боюнча жумуштарды жүргүзүп, былтыр орус-кыргыз фондунан 8 миллион акча алганбыз. Ал каражатка жүк вагондорун алып, 60ы келди. 90 вагону жакынкы күндѳрү келет. Ошондой эле биздин темир жолдун рельстери жыгачтан. Ошолорду бетондук рельске ѳткѳрүү, евростандартка туура келтирүү боюнча планды аткарып, каражаттын жетишсиздигине карабай максаттарды ишке ашырып жатабыз. Россия менен Казакстандан келүүчү жүктѳрдү Түштүккѳ түз тартуу боюнча келишимге жетиштик.

—Салмакты ѳлчѳѳчү постор боюнча терс пикирлер кѳп, коррупциянын очогуна айланып калган жокпу?

—Ооба, эл тараптан ѳтѳ кѳп нааразычылыктар келип, коррупциялык элементтер боюнча даттануулар түшкѳн. Чынында эле оператор менен шопурдун ортосундагы тикелей келишимдин негизинде акчалар бюджетке түшпѳй башка жакка бурулуп кеткен. Ошондой нерсе болбошу үчүн биз бирдиктүү эсепке келтирип, салмактык ѳлчѳмдү контролдоо постордогу таразаларды бирдиктүү электрондук эсепке ѳткѳрдүк. Азыр ал жердеги оператор болгону кнопканы базат, калган операцияны электорндук касса таза эсептеп, чекти чыгарат, шопур акчаны банкоматтан тѳлѳйт. Колдон колго берилбейт. Мындан сырткары Бишкек-Ош жолундагы шлагбаумдарды да электрондук эсепке ѳткѳрүп жатабыз. Эми ал жерден бир дагы унаа акча тѳлѳмѳйүн ѳтѳ албайт. Эгер кайсы бир мамлекеттик органдын унаасы ѳткѳнгѳ уруксаты болгон болсо, ал тѳлѳп ѳтѳт, бирок акча минфин аркылуу ишканага кайра тѳлѳнүп берилет. Жол министри катары мен да тѳлѳп ѳтѳм.

—Коомчулукта жолдордун сапаты боюнча нааразычылык ѳтѳ күчтүү, муну ким текшерет?

—Инвестициялык проектилерде талкаланып кеткен жерлер болушу мүмкүн, болбойт деп кесе айта албайбыз. Себеби, табыйгый шарттар башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде оор. Бирок, аткарылган иштин кѳлѳмүнүн 1% гана түзүп калышы мүмкүн, аны оңдоп берет. Эң негизги кемчилик, жол бүттү эми тура берет дегенде мамиледе болууда. Жол канчалык мыкты курулбасын, аны ѳз калыбында сактап турууга чоң чыгым керектелет. Кыскасы, багып, караш керек. Жаз келгенде дарыядай суулар агат, алардын нугун буруп, трубаларды тазалап турса кѳпкѳ сакталат. Биз сапатты кѳтѳрүү үчүн системаны иретке келтирдик. “Заказчик”, консултант, “подрядчик” деген үч тепкичтин бүт баарын мыйзамдаштырдык. Эми министрлик заказ берүүчү функцияны аткарат, сапатын, жарактуу мѳѳнѳтүн, колдонулган материалдардын нормага туура келер, келбесин консултант текшерет, куруу жоопкерчилигин алган “подрядчик” ишти аткарат. Анан кепилдик мѳѳнѳтү буга чейин бир жылга чейин берилип келген, былтыр мунун мѳѳтү беш жылга жылды, менимче мындан ары аткарылган иштин сапаты да оңолот.

—Жолдордун начар курулушу “подрячик” менен министрликтин ортосундагы коррупциянын негизинде болууда, “шапка” менен маселе чечилип калды деген сѳздѳрдүн чындыгы барбы?

—Ооба, жолдун курулуш боюнча элдин арасында түрдүү сѳздѳр, анегдоттор да айтылып келе жатат. Бирок бул жерде министрлик менен “подрячиктин” ортосунда коорупция болуп кетпѳѳ маселесин каралган. Акча берген банктар ортого сырттан келген кѳзкарандысыз ишканаларды бизге кѳзѳмѳлгѳ алып келип койгон. Биз 1995-жылы Ош-Бишкек жолун баштар алдында финансылык булактарды издеген маалда  банктар “эгерде биз акчаны берип кѳзѳмѳлдү ѳздѳрүнѳ койсок акча башка жакка кетип, жол сапатсыз бүтѳт, ошондуктан акчаны министрликке беребиз, кѳзѳмѳлдү сырттагы ишканага тапшырабыз” деген талапты койгон. Ошол принцип азыркыга чейин сакталууда. Кѳзѳмѳлдү биз эмес, банктар жѳнѳткѳн кѳз карандысыз ишканалар жүргүзѳт. Алар болсо ѳздѳрүнүн репутациясы үчүн иштейт. Кокус жең ичинен сүйлѳшүүгѳ барса банктын кара тизмесине кирип, ишенимден чыгып калат. Демек, эл арасында айтылган сѳздѳр чындыкка жакындабайт. Кошумчалай кетерим, инвестициялык проектилерди ишке ашыруу боюнча группалар бар. Буга чейин Азия ѳнүктүрүү банкы менен Дүйнѳлүк банк бир ГРИП баш ийгендиктен кѳп проектилер артка жылып кеткен. Бирок, артка жылып кетсе да ошол жерде иштеген адамдар бир, эки жыл бою айлыктарын алып жүрѳ берген. Биз аларга бѳгѳт коюп, мѳѳнѳтүндѳ аткарасың, болбосо айлыкты албайсың деген жобону киргиздик.

—Тендерге катышкан жеке фирмалардан министрлик «доля» алып, алакан майлабагандарын белге чаап жатат дегенге аргументиңиз барбы?

—Тендерди биз ѳткѳрбѳйбүз, ошондуктан суроону башка жакка берсе болот. Ал эми 25 жылдан бери кыргыздын бир дагы компаниясы эларалык тендерге катыша алган жок. Бул кемчилик бизден кетти, биз аларга шарт түзүп бералбадык. Алар финансылык, техникалык базаларына байланыштуу кошула албай келди. Азыр ишти колго алып, катыштыруу шарттарын карап жатабыз. Бирок, ички жолдорду бүт ѳзүбүздүн компаниялар аткарат. Былтыр 350 чакырым ички жолго асфальт бастык, Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет болду. Бул инвестициялык проектилерди кошпой, ѳзүбүздүн бюджеттен чыгарылганы гана, буйруса, быйыл да кѳлѳм жогорулайт деп турабыз.

—Жолдогу жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоп-түздѳѳ иштерин жүргүзгѳндѳр коомчулуктун нараазычылыгын туудурган эле. Эл арасында карапайым кызматкерлер жазаланды, жогорку тепкичтегилер кеткен жок деген сѳздѳр бар…

—Жумушту аткарган кызматкерлердин бирине да чара колдонулган жок. Ошол ишкананын жетекчиси менен башкы инженери иштен кетти. Депортаменттин жооптуу кызматкерине сѳгүш берилди. Кеткен чыгым эсептелинип, калыбына келтирилди. Жѳнѳкѳй кызматкерлерди эмес, тапшырма бергендерди кетирдик.

—Автобекеттерди бир ишканага бириктирүүнүн максаты эмнеде, региондордогу каражатты борборго топтоо саясаты эмеспи?

—Автовокзалдарды бириктирип, Кыргыз автобекет деген ишкана түздүк. Себеби, облустарда, шаарларда бекеттер ѳздѳрү менен ѳзү иштеп калыптыр. Кээ биринин банктардан алган кредиттери турса да кредитти жаппастан беш, он жылдап айлыктарын ала бериптир, муну ордуна коюш үчүн, ошондой эле ар бир автобекеттин аймагын жергиликтүү бийлик бѳлүп алып, ичине заправка салып жк базарга айлантышкан экен аны иретке келтириш үчүн бир ишкана түздүк. Мисалы Бишкектин Чыгыш автобекетин 20 жылдан бери бир ишкер пайдаланып келген экен араң дегенде базарын чыгарып, территорияны бошоттук. Оштогу эң кѳп адам жыйылган эларалык маанидеги автобектинин ичине заправка салышыптыр, сот аркылуу калыбына келтирүү иштерин аткарып жатабыз. Айтор, автобекеттердин ар бири ѳзүнчѳ кожоюн болбош үчүн “Кыргыз автобекети” деген бир гана ишкана түзүп, калганын бүт филиал кылдык. Мунун пайдасы чоң, мисалы, Ат-Талаа районунда кичинекей автобекет бар, алардын чатыры тешилип калса да оңдоп койгонго каражаты жок. Мамлекет бералбаса, алар кайдан табат? Биз бир ишкана түзүп, финансынын бир жерге топтосун дедик. Чоң шаарлардагы автобекеттерден пайда түшѳт, ошолордун эсебинен бүт региондогу бекеттерге жардам берет.

—Жол тармагына керектелүүчү битумдар кайдан алынат? Дегенибиз, учурда битум бизнесин жеке ѳзүңүз кѳзѳмѳлдѳйт деген сѳздѳр чынбы?

—Жолго кѳп нерсе колдонулат, темир, цемент, шагыл, асфальт ж.б. колдонулат. Аны мамлекеттик сатып алуулар ишке ашырат. Бул жерге министрлик да, министр да, департамент да тике кийлигише албайт. Мурун болсо болгондур, азыр мамлекеттик сатып алуулар гана иреттейт. Мен чече албайм.

—Демек, битум бизнесиңиз жок?

—Жок. Ошондой эле шаардын жолдорунан “шапкага” отуруп алат деген маалыматтар бар экен, алар бизге карабайт. Тиешеси жок. Шаар ѳзү тандап, ѳздѳрү курат.

—Батыш ѳлкѳлѳрүнѳн батир сатып алганыңыз тууралуу да сѳздѳр тарады?

—(күлүп) Батышта батирим болсо абдан сонун болмок. Жазган адам кѳрсѳтүп берсе жакшы болот эле. Андай нерсе жок.

—Буга чейин бизнес кылган эмессиз да?

—Мен башынан бери ѳндүрүштѳ келдим. Бирок, ижарага жер алып, беде эктирип кѳрдүм. Картошка эктирдим. Ал эми келинчегим Дордойдо соода кылат. Балам башында кызматта иштеп жүрдү, кийин айлыгы аз болуп, “ата бала-чаканы багыш кыйын болду” дегенинен уруксат бердим, азыр ѳз бизнесин жүргүзүп жатат.

 

Зулпукаар Сапанов (газета  Де факто)