Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди
- 1 247 просм.
Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди.
Жумуштар “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылды.
Жерине тартылган атайын техникалар жана жолчулар жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турчу тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВВВРєРСвЂВВВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВВВРЎР‚
- Blogger
- Tumblr
- Viber
- Skype
- Telegram