mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолу ачылды

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолу ачылды.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгын кар көчкүдөн жана таштардан тазалап, каттам кыймылын жандантышты. Азыркы тапта кырсыктарды алдын алуу максатында аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын, май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы