mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган жолдор жана инвестициялык долбоорлору тууралауу маалымат

Саламатсыздарбы урматтуу телекѳрүүчүлѳр жана радио угуучулар! Бүгүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган жолдор жана  инвестициялык долбоорлору тууралауу маалымат бере кетсем.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өнөктөш донорлордун каражаттарын тартуу менен 11 жол куруу долбоорун ишке ашырууда жана жакынкы аралыкта дагы 3 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

Алар

Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы аркылуу :

  1. «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу» долбоору, Казарман а.-Жалал-Абад ш. чейинки участок;
  2. «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу» долбоору, 2-фаза Арал а. – Казарман а.(км 195-291) чейинки участок.

Азия Өнүктүрүү Банкы аркылуу:

  1. «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолу» долбоору, Эпкин а.-Башкууганды а. чейинки участок;
  2. «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу» долбоору, 3-фаза, Кочкор а. — Эпкин и Балыкчы узундугу 43 км.участок
  3. БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза. (Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоосу,)

Евразиялык Өнүктүрүү Банкы аркылуу курулуп жаткан

  1. БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-Фаза (Маданият-Жалал-Абад участкасы);

Дүйнөлүк Банкынын Эл аралык өнүгүү ассоциациясы аркылуу :

  1. Түп-Кеген жолун куруу долбоору

Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу :

  1. «Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо» долбоору, 28-75 км;

Ислам Өнүктүрүү Банкы жана башка өнөктөштөр аркылуу :

  1. «Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 159-183 чакырымын куруу» долбоору жана Ош-Баткен-Исфана авто жолунун 75-108 км кирет.
  2. Ош-Баткен-Исфана, 75-108 км;

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин донор такталган пландаштырылган долбоорлору:

  1. Балбай Баатыр — Каракол участкасынын курулуш долбоору;
  2. Корумду — Балбай Баатыр участкасынын курулуш долбоору.

Ошондой эле донорлор изделип жаткан төмөнкү долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн:

  1. Арал-Суусамыр участкасынын курулуш долбоору;
  2. Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу
  3. Тараз-Талас-Суусамыр автожолу, км 105-198