mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж. Калилов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджатаба Рузбехани менен жолугушту

2018-жылдын 19- февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж. Калилов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджатаба Рузбехани менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап  Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын  ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйыны тууралу маектешти. Ѳкмѳттѳр аралык жыйын  2018- жылдын март айында Тегеранда ѳтмѳкчү. .

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж. Калилов  ушул жылдын 18- февралында  Ирандын Исфахан облусундагы авиакырсыктан каза тапкан 66 адамдын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен кѳңүл айтты.

Жолугушууда эки тарап, эки ѳлкѳ ортосундагы экономикалык- соода мамилеси башка жылдарга салыштырмалу жогорулап активдүү жүруп жатканын баса белгилешти. Мындан ары да ѳлкѳлѳр ортосундагы мамилени жакшыртууга дагы салымдарын кошоорун, жана ошондой эле ортодогу бир катар суроолорду чечип берүүнү  билдиришти.

Пресс-кызмат

img_2410 img_2411 img_2412 img_2423 img_2417 img_2415 img_2413