mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Б.Бердалиевтин автомобиль транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кутуктоо  сөзү

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Б.Бердалиевтин автомобиль транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кутуктоо  сөзү

Сиздерди автомобиль транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул кесиптик майрам – мамлекетибиздин транспорттук комплексин өнүктүрүүгө өз өмүрүн арнаган, кыштын заардуу суугуна, жайдын саратан ысыгына карабай, күнү – түнү дебей жол куруп, оңдоп жүрүшкөн жолчулардын, өлкөбүздүн 95 пайыз жүргүнчүлөрдү жана 97 пайыз жүктөрдү ташуу иштерин тейлеген автотранспорт кызматкерлеринин майрамы.

Бүгүнкү күндѳ, транспорт жана жол чарба тармагын өнүктүрүүгѳ мамлекет тарабынан орчундуу көңүл бурулуп, региондорду ѳнүктүрүүгѳ жакшы шарттар түзүлө баштады. Быйылкы жылы, региондорду ѳнүктүрүү максатында Республикалык бюджеттин эсебинен 155,6км, Титулдук  план боюнча 8,2 км, жылдан жылга отуучу план боюнча 15,1 км, Балыкчы –Чолпон-Ата –Корумду 12,6 км асфальт төшөлдү. Жалпы малекеттик бюджеттин эсебинен 191,8 км жол салынды,ал эми инвест долбоорлордун эсебинен 68,5 чакырым асфальтталды. Жалпысынан 260  км асфальт салынды.

Эл аралык транспорт коридорлорун куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Айтып кетсем, Ош – Баткен – Исфана, Бишкек – Кара-Балта, Түндүк — Түштүк альтернативалык, Джалал-Абад-Маданият жолдорун реабилитациялоо иштери аткарылууда. Түндүк – Түштүк стратегиялык автожолундагы тоннель 70 пайызга казылып бүттү, эстакадный кѳпүрѳнүн бири  90 пайызга  экинчиси 70 пайызга аяктады. Буйруса келээрки жылы эстакадалык кѳпүрѳлѳр толугу менен бүтүп, Казарманга чейин альтернативалык жол ачылат.

Ысык-Көл транспорттук айланма  жолунун долбоорун ишке ашыруу максатында, жол куруу иштери башталганы турат. Аталган жол заманбап, туристик агымга туура келчу веложолу менен курулмакчы.  Ошондой эле Түп — Кеген унаа жолунун калган бөлүгүн Казакстанга чейин реабилитациялоо пландаштырууда.

Автомобиль, суу транспорту жана салмак — габариттик контролдоо агенттигинде транспорт контролдоо 28 пунктары бар. Контролдоо пунктарын автоматташтырылып “он — лайн” режиминде иштейт. Бул иш – чаралардын баардыгы адамдык факторлорду азыйтуу, мыйзам бузууларды кыскартууга багытталган.

«Кыргызбекети» мамлекеттик иш кана түзүлүп элдин чет жана региондорго чыгуусуна  ыңгайлуу шарттар түзүлүүдѳ.  Борбордун жана аймактык  автовокзалдар, автостанцияларда  капиталдык оңдоп-түзѳѳ иштери жүргүзүлүп,  элге жакшы шарттар түзүлдү. Тактап айтканда Жалал-Абад, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ат-Башы, Нарын, Кара-Колдо автовокзалдар оңдѳп түзѳѳдѳн ѳттү. Автовокзалдардагы билет сатуу жана диспетчердик жетектѳѳгѳ автоматташтыруу киргизилүүдѳ.

Ошондой эле ѳлкөдө минге жакын автобустук каттамдар жүрүп жатат. Бул каттамдар Ѳлкѳдѳгү 1829 калктуу конуштардын 1606 конушун камтып элге үзгүлтүксүз транспорттук каттамды камсыз кылды.

Мен ойлойм, тармакта мүмкүн болгон коррупциялык көрүнуштөрдүн алдын алуу – министрликтин системасында иштеген ар бир кызматкердин милдети болуп саналат, бул иш – чараларды ишке ашыруу менен биз жасап жаткан иштерибизде ачыктыкты жогорулатып, коррупцияга жол бербей, орчундуу бөгот коёбуз.

Жогоруда айтылган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, мекеме – ишканаларынын жетекчилери жана эмгек жамаатыбаарыбыз биргеликте жоопкерчиликтүүлүк менен таалыкпай эмгектенишибиз зарыл. Демек биз элдин, Президенттин, Ѳкмѳттүн бизге койгон ишенимин акташыбыз керек.

Урматтуу тармактын ардагерлери, транспорт жана жол чарба кызматкерлери! Дагы бир жолу сиздерди кесиптик майрам менен чын  дилимден куттуктайм!!!