mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Б. Бердалиев “Исфана” аэропортунун реконструциядан кийинки ачылыш аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич 2020-жылдын 7-декабрында Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында жайгашкан “Исфана” аэропортунун реконструциядан кийинки  ачылыш аземине катышты.

Ачылуу аземине катышкан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин м.а., Биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиковго жана катышуучуларга Министр тарабынан   аэропорттун өлкө үчүн стратегиялык  маанилүүлүгүн эске алуу менен, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү цифровизациялоо жана балдарды колдоо жылы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында аэропортто реконструкциялоо боюнча  иштер жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалыматтар  берилди.

Мындан тышкары, Министр аэропортту реконструкциялоонун  алкагында жалпы аянты 553 квадрат метр болгон жаңы аэровокзалдык комплекс курулуп, жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждик жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштер жүргүзүлгөндүгү тууралуу айтты.

Аэропорт өлкө үчүн стратегиялык  маанилүү объект болуп саналат жана ички аймактык аэропортторду өнүктүрүү жана ыңгайлуу шарт түзүү, ошондой эле аба жүргүнчүлөрүнүн тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн бардык иш чаралар көрүлүүдө деп билдирди.

Мындан тышкары Министр  быйыл мамлекеттик жана коомдук ишмер Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаковдун  110-жылдыгы  белгиленип  жаткандыгын белгилеп, райондун элинин өтүнүчүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  Исфана аэропортуна Исхак Раззаковдун атын берүүнү  сунуштагандыгын айтып,  сунуш колдоо таап  бүгүн   Исфана аэропортуна Исхак Раззаковдун  аты берилип жаткандыгын маалымдады.

Аэропортко  Исхак Раззаковдун атын берүү менен улуу  инсаныбыздын жаркын элесине терең  таазим болорун Министр  баса белгилет кетти.