mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Талдоо каты

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин

Талдоо каты

(иштеп чыгуучу органдын аталышы)

 

                     Бекитем

Министр

_________________________________

(колу)

 

2023 -жылдын  «___» _______________

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги

№ 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоо

__________________________________________________________________

(ЧУАнын долбоорунун аталышы)

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 23 январындагы № 22 буйругу  

—————————————————————————————————-

(документтин аталышы)

 

ЖСТТ өткөрүүнүн мөөнөтү :

2023 -жылдын 23 январынан — 2023-жылдын 31 январына чейин

(башталышы)                                                                   (жыйынтыкталышы)

 

Жумушчу топтун жетекчиси:

Мусабеков Н. Б., — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башкы адиси;

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

  1. Мусабаев А.С. – КР ТКМ караштуу Жол фондунун директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
  2. Смаилов У.А. —     КР ТКМинин  укуктук камсыздоо бөлүмүнун башчысы;
  3. Молдокалиева Д.Т.- КР ТКМинин Экономика, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башкы адиси МТК КР;
  4. Доолетов К.Дж. — КР ТКМ караштуу ЖСТДнын Транспорттук контролдоо башкармалыгынын начальниги;
  5. Акунов К.К. — КР ТКМ  караштуу ЖСТДнын уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы;
  6. Нанаев Т.Б. — КР ТКМ караштуу ЖСТДнын транспорт иштерин жөнгө салуу жана  лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы;
  7. Дербишев Б. — КР ТКМ караштуу ЖСТДнын эл аралык ташуулар бөлүмүнүн башчысы;
  8. Утемисов Н.К. – КР ТКМ караштуу Жол фондунун укуктук жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
  9. Шайдиева Д.ДЖ. – КР ТКМ караштуу Жол фондунун талдоо, пландоо жана мониторингдөө бөлүмүнүн эксперти;
  10. Качкынова Ж.А. – КР ТКМ караштуу Жол фондунун укуктук жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башкы адиси;
  11. Джумабеков А.Т. – Юридикалык жактардын “Кыргыз Республикасынын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы” бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы;
  12. Кичиков Д.Д.- “Ильзат Транс”ЖЧКБнын директору;
  13. Жунусов М.А. – Юридикалык жактардын “АМАП КР Кыргыз Республикасынын эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясы” бирикмесинин  директору.

 

 

 

       Жооптуу адамдардын контакттык маалыматтары::

 

2) Качкынова Жамиля Автандиловна, КР ТКМ караштуу Жол фондунун укуктук жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн  башкы адиси;

e-mail: dor_fond22@mail.ru, тел.31-46-84.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  1. Көйгөйлөр жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер

 

  1. Көйгөйлөрдүн баяндалышы.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти  түзүмдүк бөлүм болуп саналат, анын максаты автомобиль, темир жол жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле автомобиль, темир жолдорунун жана алардагы жасалма курулмалардын сакталышын камсыз кылуу болуп саналат.

Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

 

 

Кыргыз Республикасынын автомобиль менен эл аралык ташууларын калыптандыруу жана өнүктүрүү, аларды эл аралык транспорттук системага интеграциялоо, ата мекендик автоташуучулардын кызыкчылыктарын чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын алдында коргоо;

  • автомобиль, суу жана темир жол транспортунун иши менен байланышкан транспорттук жана башка кызмат көрсөтүү рыногунун натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө таза атаандаштыкты өнүктүрүү жана камсыздоо;
  • юридикалык жана жеке жактар тарабынан автомобиль, суу жана темир жол транспорту, ошондой эле автомобиль жана суу транспорту менен ташууларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо;
  • Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана аларга жасалма курулмалардын сакталышын камсыздоо.

Алдыга коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Департамент өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөрдү аткарат:

— эл аралык автомобилдик жүк ташууну жүзөгө ашырууда чет мамлекеттердин аймагына кирүүгө, чыгууга жана аймагы аркылуу транзиттик өтүүгө, эл аралык автомобилдик жүк ташууну жүзөгө ашырууда үчүнчү өлкөгө (үчүнчү өлкөдөн) жүк ташууга, эл аралык жүргүнчү ташууга (үзгүлтүксүз жана үзүл-кесил) чет мамлекеттердин уруксат бланктарын берүү;

-автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташууну жүзөгө ашырууга чет мамлекеттер менен уруксат бланктарын алмашуу;

Кыргыз автомобиль ташуучуларына чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 “Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат.

Тартип жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде төмөнкү автотранспорт каражаттарына ээлик кылган кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучуларга карата колдонулат:

-ар кандай класстагы автобустар;

  • — жүк ташуучу автомобилдер (жол берилген жалпы салмагы чиркегичти кошкондо 6 тоннадан ашык же жол берилген пайдалуу жүктөмү чиркегичти кошкондо 3,5 тоннадан ашык);
  • адистештирилген автомобилдер (жүктүн айрым түрлөрүн ташуу үчүн арналган);

-атайын автомобилдер (ар кандай иштерге, негизинен транспорттук эмес жумуштарды аткарууга арналган).

Учурдагы датага карата эл аралык жүк ташуулар менен 151 юридикалык жак, 5200гө жакын автотранспорт каражаты (АТК) жана 2300 АТКга ээлик кылган айрым жеке жактар иштешет.

Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууга тартылган 7400гө жакын АТК бар.

Чет мамлекеттин аймагына (аймагынан) кирүү (чыгуу), кыргыз автотранспорт каражаттарынын чет мамлекеттин аймагы аркылуу транзитти (жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуучу) чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын төмөнкү түрлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат:

— жүк ташууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар;

— жүргүнчүлөрдү жана багажды сейрек ташуу үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар;

— бир календардык жыл ичиндеги мөөнөттө жүргүнчүлөрдү жана багажды үзгүлтүксүз ташууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар.

Келишим түзүүчү тараптардын макулдашуусу боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар төмөнкүлөргө өзүнчө укуктарды камтышы мүмкүн:

— кирүүгө (чыгууга);

— транзиттик өтүүгө;

— үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүк ташууга;

— бош рейске (жүксүз кирүүгө);

— же чет мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын көрсөтүлгөн түрлөрүн ар кандай айкалыштыруу (универсалдуу уруксат).

Уруксаттар төмөнкүдөй негизги түрлөргө бөлүнөт:

— жүктөрдү эки тараптуу ташуу үчүн;

— жүктөрдү транзиттик ташуу үчүн;

— үчүнчү мамлекеттерге/үчүнчү мамлекеттерден жүктөрдү ташууга;

— жүктөрдү эки тараптуу/транзиттик ташуу үчүн;

— бош рейстер үчүн (жүксүз кирүү үчүн);

— жүктөрдү универсалдуу ташуу үчүн;

— бир календардык жыл ичиндеги мөөнөттө жүргүнчүлөрдү  үзгүлтүксүз ташуу үчүн;

— жүргүнчүлөрдү эки тараптуу каттамда сейрек ташуу үчүн;

— жүргүнчүлөрдү транзиттик ташууда сейрек ташуу үчүн;

— жүргүнчүлөрдү эки тараптуу/транзиттик каттамда сейрек ташуу үчүн.

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан белгилүү бир иш-аракеттер аткарылганда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө акчалай жыйым (мамлекеттик алым) алынат.

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Департамент ишмердикти жүзөгө ашырууга уруксат бергендиги үчүн

— жеке жактар үчүн — эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү (100 сом);

— юридикалык жактар үчүн — эсептик көрсөткүчтүн 3 эселенген өлчөмү (300 сом)  алым алат .

 

  1. Көйгөйлөрдүн масштаб

Чет мамлекеттердин аймактарына ата мекендик автоташуучулар тарабынан кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү үчүн эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат бланктарын алмашуу 49 өлкө менен, анын ичинде Россия, Армения, Азербайжан, Грузия, Түркия, Кытай, Иран, Германия, Казакстан, Литва, Түркмөнстан, Өзбекстан, Беларусь, Болгария, Венгрия, Дания, Словения, Финляндия, Черногория, Чехия жана башкалар менен жүргүзүлөт.

Мурда, 2019-жылга чейин ата мекендик автоташуучулар тарабынан чет мамлекеттердин аймактарына кирүүгө, чыгууга, транзиттик өтүүгө эл аралык автомобилдик ташууларга уруксаттардын чет өлкөлүк бланктары үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан 2014-жылдын 4-июнунда бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган уруксат берүүчү документтердин наркынын прейскурантына ылайык акча каражаттары алынуучу.

—  КЭР багытына – 1500 сом;

—  башка өлкөлөргө – 2500 сом.

Уруксат бланктары үчүн алымдын өлчөмү олуттуу азайгандыктан (жеке жактар үчүн 100 сом, юридикалык жактар үчүн 300 сом), биринчиден, республикалык бюджетке түшүүлөрдүн суммасы 2018-жылдагы 68,4 млн. сомдон, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 7,7 млн. сомго чейин төмөндөгөн.

экинчиден, ак ниетсиз жүк ташуучулар жана жүргүнчүлөр тарабынан запастардын болушун негиздөө менен эң төмөнкү баада (жеке жактар 100 сомдон, юридикалык жактар 300 сомдон) сатып алып, ал эми факт боюнча 50-250 АКШ долларынан кайра саткан уруксат бланктарынын контролсуз таралышы байкалат. Көбүнчө бул уруксат бланктары алар тарабынан колдонулбайт, ошол эле учурда башка жүк ташуучулар аларды ала алышпайт, анткени алар сатылып кеткен.

Башкача айтканда, алымдын төмөндөшү коррупциялык тобокелдиктерге алып келди, бул республикалык бюджетке түшүүлөрдүн көлөмүнүн азайышына , ошол эле учурда уруксат бланктарынын “жасалма” тартыштыгынан улам сатып ала албаган ташуучуларга жогорулатылган наркы боюнча сатуу менен уруксаттардын бланктарын “бир колго” алуу боюнча коррупциялык схемалардын пайда болушуна алып келди.

 

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык  мамлекеттик алымдын ставкалары белгиленгенге чейинки жана андан кийинки финансылык каражаттардын түшүүлөрүнүн салыштырма таблицасы

 

  Уруксат берүүчү документтердин наркынын прейскурантына ылайык түшүүлөрдүн, кирешелердин көлөмү КРӨ 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык түшүүлөрдүн, мамлекеттик алымдын  көлөмү
Жылдар 2016 2017 2018 2019 2020 2021 2022
Сумма

(сом)

58 507 000 59 416 500 68 419 500 3 084 410

 

5 049 200

 

5 146 200 7 716 200

 

  1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, көйгөйдү чечүүнүн актуалдуулугу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна чет мамлекеттердин уруксат бланктарын берүү үчүн мамлекеттик алымды белгилөө тууралуу төмөндөгүлөргө өзгөртүү киргизүү:

  • эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу жана транзиттик өтүүгө,
  • эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда үчүнчү өлкөлөргө (үчүнчү өлкөлөрдөн) жүктөрдү ташууга,
  • эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу (үзгүлтүксүз жана үзгүлтүксүз эмес)

жеке жактар үчүн эсептик көрсөткүчтүн 15 эселенген өлчөмүндө (1500 сом) жана юридикалык жактар үчүн эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмүндө (2500 сом) жашоо үчүн зарыл болуп саналат. Төмөнкү максатта:

  • жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү автомобилдик ташууну жөнгө салуу чөйрөсүндөгү коррупциянын деңгээлин азайтуу,
  • уруксат берүүчү документтерди контролдоо жана эсепке алуу системасын тартипке келтирүү,
  • мамлекеттик алымдан республикалык бюджетке түшүүлөрдүн суммасын көбөйтүү.

Талдоо  катын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ мамлекеттик алымдын сунушталган өлчөмү боюнча 2019-жылга чейин уруксат бланктарын берүүдө иш тажрыйбасы бар экендигине жана ал өзүн оң жагынан көрсөткөнүнө  көңүл бурат.

  1. Эл аралык тажрыйба.

 

Практика выдачи разрешительных документов (бланков) существует во всех странах, где есть международные перевозки грузов и пассажиров. Размер оплаты за эти бланки (пошлины) выглядят следующим образом: Уруксат берүүчү документтерди (бланктарды) берүү практикасы жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу  иштеген  бардык өлкөлөрдө бар. Бул бланктар (алымдар) үчүн акы төлөөнүн өлчөмү төмөнкүдөй:

 

 

Өлкө Улуттук  валюта Улуттук  валютнын наркы АКШ  долларындагы нарк
Өзбекстан сум 67 000 6,09
Россия рубли 300 4,8
Грузия лари 70 24,5
Түркмөнстан манат 209 60
Кыргыз Республикасы сом 300 3,9

 

  1. II. Сунушталган жөнгө салуунун баяндалышы .
  2. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты

5.1.  Берилген ченемдик укуктук актыны кабыл алуу менен мамлекеттик жөнгө салуунун максаты:

  • Жол фондундагы топтоо аркылуу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө жумшала турган бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү;
  • уруксат бланктарын берүү процессин контролдоо жана жөнгө салуу;
  • уруксат системасын жөнгө салуу чөйрөсүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү .

5.2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдардын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоорун  кабыл алуунун натыйжасында төмөнкү жыйынтык күтүлөт.

 

 

 

 Прогрессти баалоо көрсөткүчүнүн аталышы

 

Максаттуу мааниси

 

Жетишүү мөөнөтү

 

 

Сандык индикатор:

 

республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөрдү 10 эседен кем эмес көбөйтүү

 

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жана кийинки жылдарда 10 пайыздан кем эмес көбөйүү менен
Сапаттык индикаторлор:

 

— жөнгө салынуучу чөйрөдө коррупциянын деңгээлин азайтуу,

— автоташуучуларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу

 

 

 

2023 -жылдын жыйынтыгы боюнча

 

  1. Сунушталуучу жөнгө салуу

 

Бүгүнкү күндө жумушчу топ тарабынан жөнгө салуунун эки варианты сунушталган:

1) “Баарын ошол бойдон калтыруужөнгө салуу варианты.

2022-жылы эл аралык автомобилдик ташууларга 7 716 200 сом суммасындагы  27 869 уруксат бланкы сатылган, анын ичинде:

  • 19 880 (кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү), 4 428 (ташууларды ишке ашырууда), 1000 “бош өтүү” үчүн, 463 “универсалдуу” санындагы жүктөрдү ташууга уруксат бланктарынын өлчөмдөрү.
  • кыргыз автоташуучулары үчүн жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууга уруксат бланктарынын саны 6.
  • Ал эми мурдагы жылдарда (алымдын ставкасы өзгөргөнгө чейин) берилген бланктардын саны жана республикалык бюджетке түшүүлөрдүн суммасы көбүрөөк болгон. Ошентип, бланктарды берүү жана түшкөн акчанын суммасы төмөнкүдөй болгон:
Жылдар Уруксат бланктары
Алынды  (даана) Сатылды (даана) Сумма
2018 52 785 38 783 68 419 500
2019 59 415 46 006 30 844 100
2020 54 360 19 002 5 049 200
2021 27 925 19 283 5 146 200
2022 35 275 27 678 7 716 200

 

Мында, иш жүзүндө уруксат бланктары жеке жана юридикалык жактарга бөлүнбөй тургандыгын белгилей кетүү керек.

 

2) Жөнгө салуунун артыкчылыктуу варианты:

 

Талдоо катын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ тарабынан уруксат бланктарын бергендиги үчүн  төмөнкүлөргө мамлекеттик алымдын өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн артыкчылыктуу варианты каралат:

 

    эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу жана транзиттик өтүүгө,

    эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда үчүнчү өлкөлөргө (үчүнчү өлкөлөрдөн) жүктөрдү ташууга,

    эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу (үзгүлтүксүз жана үзгүлтүксүз эмес)

эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү (2500 сом) суммасында- Кытай Эл Республикасына болгон багыты  боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн  жана эсептик көрсөткүчтүн 50 эселенген өлчөмү- башка өлкөлөргө болгон ( Кытай Эл Республикасынан башка) багыт боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн төмөнкү максатта:

    жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү автомобилдик ташууну жөнгө салуу чөйрөсүндөгү коррупциянын деңгээлин азайтуу,

    уруксат берүүчү документтерди контролдоо жана эсепке алуу системасын тартипке келтирүү,

    мамлекеттик алымдан республикалык бюджетке түшүүлөрдүн суммасын  жыл сайын160 млн. сомго чейин көбөйтүү.

2023-жылга КЭР багыты боюнча 24 000ден 27 000ге чейинки бланктарга жана башка багыттар боюнча (40 өлкө) 20 000ден 23 000ге чейинки уруксат бланктарына уруксат  берүү болжолдонууда.

 

  1. Жөнгө салуунун мүмкүн болгон социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоо.

Акыркы убакта социалдык тармактарда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын сүйлөгөн сөздөрүндө уруксат  документтерин берүү жол-жобосуна даттануулардын саны көбөйгөнүн эске алсак, уруксат берүүчү документтердин бланктарын сатуу, эсепке алуу системасын тартипке келтирүү коомчулук тарабынан оң реакцияны жаратмак. Бюджетке түшүүлөрдүн жүрүшү үчүн ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жөнгө салуунун бул вариантына да оң жооп берилүүдө.

 

7.1. Сандык жана/же сапаттык индикаторлорду колдонуу менен максатка карай прогрессти баалоо.

Аталган топ тарабынан эсептелип чыккандай,  2022-жылдагы  7,7 млн. сомдук каражаттын түшкөнүнө таянсак, бланктарды берүү үчүн мамлекеттик алымды орточо 10 эсеге көбөйтүү (300 сомдон 2500/5000 сомго чейин)  жыл сайын болжолдуу 160 млн.сомдон кем эмес сумма түшөт.

7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлгөн таасир:

1) экономикага тийгизген таасири:

позитивдүү:

Экономикага тийгизген таасирин жакшыртуу мультипликативдик мүнөзгө ээ:

Республикалык бюджетке (Жол фондуна) түшүүлөрдүн көбөйтүлгөн суммасы автомобиль жолдорун  кезектеги оңдоого жана күтүүгө багытталат. Автомобиль жолдорунун сапаты товар жана жүргүнчүлөрдү ташуунун 1,5 эсеге өсүшүнө алып келүүдө;

Терс кесепеттер табылган жок.

 

2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири:

позитив: уруксат бланктарын берүүдө берүү жана контролдоону тартипке келтирүүнүн эсебинен коррупциялык системага автоташуучулардын даттанууларын азайтуу. Ак ниетсиз автоташуучуларга бланктарды сатып алуу жана  “көмүскө” сатуу пайда алып келбейт.

.

Терс кесепеттер табылган жок.

 

3) экологияга тийгизген таасири оң, анткени бюджетке түшкөн киреше автомобиль трассаларынын сапатын жакшыртуу үчүн Жол фондуна багытталат.

 

7.3. 7.3. Кызыкдар тараптардын негизги топторуна — жөнгө салуучу даректерге күтүлгөн таасир:

Кызыкдар тараптарга тийүүчү таасир:

 Кызыкдар тараптар Позитивдүү кесепеттер Терс кесепеттер
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Туруктуу каржылоо булактарынын негизинде жол активдерин башкарууну жакшыртуу

 

 жок
Финансы министрлиги Мамлекеттик алымдын ставкасын адекваттуу көбөйтүүнүн натыйжасында салыктык базаны кеңейтүүнүн эсебинен бюджеттик кирешелерди (салыктык эмес) жогорулатуу  жок
Экономика жана коммерция министрлиги Жол секторунда жана экономиканын башка секторлорунда ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу  жок
Министрлер  Кабинети Министрлер Кабинетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын даттанууларына жооп кайтаруу  жок
КР Жогорку Кеңеши КРМК ишине контролду жана мониторингди күчөтүү  жок
ЖӨБ органдары Жолдордун сапатын жакшыртуунун эсебинен  региондук рынокторго жеткиликтүүлүктү жогорулатуу  

жок

Салык жана бажы кызматтары Салык салынуучу базаны көбөйтүү жок
Ишкерлер

жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын атынан

Жолдордун сапатын жакшыртуунун эсебинен жол шарттарын жана

уруксат бланктары үчүн төлөмдөрдүн бюджетке түшүүсүнүн даректүүлүгүн жана ачыктыгын жакшыртуу

Мамлекеттик алымды төлөө боюнча кошумча чыгымдар
 Калк (жарандар) Жол шарттарын жакшыртуу

Жол/транспорт кызматынын ишин контролдоодо жана мониторингдөөдө кызыгууну арттыруу

Жолдордун абалынын жакшырышына байланыштуу жашоо сапатын жакшыртуу

 

 жок

 

 

  1. Чыгым-пайда сметасы

 

8.1. Ишкердик субъекттеринин чыгымдарын жана пайдаларын баалоо

 

Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууга тартылган,  дээрлик 5200 автотранспорт каражаты (АТК)  бар  151 юридикалык жакка жана 2300 АТКга ээлик кылган, бардыгы 7400 АТКга  ээ болгон айрым жеке жактардын чыгымдары 1 АТК үчүн уруксат бланктарын берүүгө 2500 сомдон 5000 сомго чейинки  өлчөмдө  мамлекеттик алымды төлөөгө жумшалат.

Чет мамлекеттердин аймагы боюнча жүрүүчү ташуучулардын өздөрү белгилеген ставкалар боюнча жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуудан алынган пайданын суммасын эске алганда  алымдын суммасы анча чоң эмес, 1 пайыздан ашпайт.

Ишкердик субъекттери үчүн мыйзам долбоорун кабыл алуунун пайдасы-уруксат бланктарын алууну күтүү  убактысы азаят, бул мезгил ичинде товар/жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйөт.

  1. Ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо

№ 1 тобокелдик. Социалдык тобокелдиктер: оң реакциядан башка эч нерсе табылган жок. Жүк ташуучулар 2019-жылга чейин сунушталган мамлекеттик алымдын суммасын төлөшкөн.

№ 2 тобокелдик. Өндүрүштүк тобокелдиктер: минималдуу, анткени мамлекеттик алымдын суммасы эл аралык ташуучулар көрсөткөн кызматтын баасына тийгизген таасири боюнча оор эмес.

№ 3 тобокелдик. Финансылык тобокелдиктер: орточо, анткени акча массасынын  көбөйүшү байкалат.

№ 4 тобокелдик. Саясий: позитивдүү, анткени Министрлер Кабинети бул мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана коомчулуктун сынына жооп кайтарган

  1. Атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо

Атаандаштыкка тийгизген таасири оң, анткени мамлекеттик алымдын ставкасы бара турган өлкөдөн көз каранды эмес.

Жогоруда айтылгандай, сунушталган мамлекеттик алымдын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын ачык-айкын эсебин камсыз кылууда жолдорду жакшы сапатта кармап туруу үчүн каражаттардын жетиштүү көлөмү камсыз кылынган шарттар пайда болот, бул “мультипликативдик” натыйжага алып келет:

  • сапаттуу жолдордо жүрүү коопсуздугун жогорулатуу,
  • товар жүгүртүүнү жана жүргүнчүлөрдү ташууну жогорулатуу,
  • КММ керектөөнү азайтуунун жана АТК оңдоо мезгилин кыскартуунун эсебинен продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын төмөндөтүү,
  • АТК запастык бөлүктөрүнө чыгымдарды азайтуу.

 

  1. Кызыкдар тараптардын пикирлери

 

 

Кызыкдар тараптар Жөнгө салуудагы ыйгарым укуктардын чөйрөсү Чечим кабыл алууга таасир этүүчү күч Өзгөртүүгө болгон кызыгуу даражасы Пикирлер
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол чарбасын башкаруу жогору  жогору  көйгөйлөрдү нбар экендигин билдирет жана кырдаалды өзгөртүү зарыл деп эсептейт
Финансы министрлиги мам.каражаттарды башкаруу жогору жогору бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө кызыкдар
Экономика жана коммерция министрлиги экономикалык жөнгө салуу, салык саясаты жогору орто мамлекеттик алымды көбөйтүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алууда этият болуу менен көйгөйлөрдүн бар экендигин белгилейт
      Министрлер  Кабинети координациялоо,

макулдашуу, мониторинг, контролдоо

жогору орто алымдын өлчөмүн көбөйтүү боюнча популярдуу эмес чечимдерди кабыл алууда этият болуу менен көйгөйлөрдүн бар экендигин белгилейт, бирок Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сынды чечүү боюнча сунуштарга оң жооп берет
 КР Жогорку Кеңеши чечим кабыл алуу  жогору  орто  көйгөйлөрдүн бар экендигин белгилейт
ЖӨБ органдары кызматтарды керектөөчүлөр, саясатты макулдашуу төмөн жогору региондук рынокторго жеткиликтүүлүктү жакшыртууга кызыкдар, кырдаалга таасири начар
Ишкерлер

жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын атынан

кызматтарды керектөөчүлөр, саясатты макулдашуу орто жогору көйгөйлөрдүн бар экендигин белгилешет, алымдар даректүү келип түшкөндө жол шарттарын жакшыртууга кызыкдар, кырдаалга тийгизген таасири орточо
 Калк (жарандар) кызматтарды керектөөчүлөр, саясатты макулдашуу жогору жогору жолдордун сапатын, жүрүүнүн ыңгайлуулугун жакшыртуу жана мамлекеттик органдар тарабынан чараларды көрүү боюнча талаптар. Ошондой эле уруксаттардын бланктары үчүн алымдардын келип түшүүсүнүн даректүүлүгү боюнча талаптар (ачыктык, маалымдоо)

).

 

 

  1. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси

Мурда белгиленгендей, жогоруда аталган жыйымдарды киргизүү төмөнкүлөрдү камсыз кылат: —

-республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө уруксаттардын бланктары үчүн мамлекеттик алымдын түшүүсүн 20 эседен кем эмес, жыл сайын 160 млн. сомго чейин көбөйтүүнү (эл аралык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү жагымдуу геосаясий жагдай жана чек аралардын жабылышына алып келүүчү форс-мажордук жагдайлар болбогондо),

— жөнгө салынуучу чөйрөдө коррупциянын деңгээлин азайтууну,

— автоташуучуларды тейлөөнүн сапатын жакшыртууну.

АРВ кырг