mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиктерин жоюу максатында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 – беренесинин 4 – бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023 – жылдын 31 – майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна ылайык буйрук

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиктерин жоюу максатында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 – беренесинин 4 – бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023 – жылдын 31 – майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна ылайык буйрук кылам:

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекеме –

ишканаларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги жана тизмекте белгиленген коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундарынын тизмеси жол жана транспорт тармактарында мүмкүн болгон коррупциянын алдын алуу боюнча иш – чараларды иштеп чыгууда, кадрлар резервин түзүүдө, мамлекеттик административдик кызмат орундарына дайындоодо, мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоону пландаштырууда жана жүргүзүүдө эске алынсын жана колдонулсун.

  1. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Ибрагимов А.М. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 18 пунктуна ылайык, ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.

  1. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн

ичинде күчүнө кирет.

  1. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун

басары А.А. Досалиевге жүктөлсүн. 

Министр                                                            Т.К. Текебаев

 

буйрук№236_compressed (1)