mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ “Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 291 “Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”

Эл аралык автомобиль ташууларын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартибин регламенттештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

  1. “Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 4-октябрындагы № 291 буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартибинде:

  • 7-пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

“7. Автомобиль ташууларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу адам (менеджер, логист, айдоочу), беш жылда бир жолудан кем эмес автомобиль ташууларды уюштурууга жана аткарууга жооптуу адамдарды кайра даярдаган жана квалификациясын жогорулаткан билим берүү мекемесинде квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.

Эгерде жеке ишкер Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын милдеттерин аткарган болсо, анда ал тарабынан автомобиль ташуулар боюнча курстун аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк берүү боюнча чечим алынган күндөн баштап беш жылга чейин күчүндө болот.”;

  • 12 – пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

“12. Кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн жооптуу адам кесиптик билим берүү уюмдарына төмөнкүлөрдү тапшырат:

— ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы арыз;

— паспорттун көчүрмөсү;

— айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

— ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формадагы аттестациялык баракча.”;

— 13 – пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

“13. Кошумча окутуу, аттестациялоо жана жооптуу адамга күбөлүк берүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Жооптуу адам же ал иштеген уюм кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн акы төлөй алат.”;

  • 34 – пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:

“34. Күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү:

Биринчи жолу арыз берген ташуучуларга – бир жыл.

Мурда берилип, мөөнөтү бүткөн күбөлүктү кайра жаңыртып берүү тууралуу арыз берген ташуучуларга – беш жыл.”.

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Транспорт башкармалыгы:

— бул буйрукту каттоодон өткөн күндөн тартып үч күндүн ичинде  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын;

— расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

— ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

  1. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин автомобиль транспорту тармагын тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.

 

Министр                                                                                   Т. Текебаев