mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт  департаментинин Нарын  аймактык башкармалыгы  административдик кызматтардын улук жана кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү   жарыялайт.

 Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптары.

Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук  жана  кенже тобу үчүн:

1. Кесиптик билимдин  деңгээли:

Жогорку кесиптик билим:

А ). «Техникалык илимдер» чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:

— «Жер  транспортунун системалары»  багытындагы   «Автомобиль жана автомобиль чарбасы»  адистиги;

— «Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытындагы   «Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу», « Жол кыймылын уюштуруу», «Кыймылды  уюштуруу жана коопсуздук», «Автомобиль транспортун эксплуатациялоо» адистиктери;

— «Курулуш багытындагы» автоунаа жолдору жана аэродромдору» адистиги;

Б )  « Транспорттук техника жана технология» чойросундогу жогорку техникалык кесиптик билиминин томондогу багыттагы адистиктери:

 — «Транспорт- технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багытындагы «Автомобиль транспорту», «Суу транспорту», «Машина куруу», «Механизация» адистиктери.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

          — мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир 

             жылдан кем эмес иш стажы же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 

             жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

— иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна)

3. Кесиптик компетенциялар:

-Кыргыз Рспубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлөмдѳ мамлекеттик жана/же  расмий тилдери.

3.1. Билими:

-Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө»Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту жөнүндө»Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 17-сентябрындагы № 430 токтому;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорту департаменти жөнүндө» 14-жылдын 2022-апрелиндеги № 223токтому.

3.2. Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо  жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылууларын кароо  жана  жоопторду  даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

3.3. Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Финансы –экономика  багыты  боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук жана кенже тобу үчүн:

1. Кесиптик билимдин  деңгээли:

Жогорку кесиптик билим:

  А) Экономика (эсеп жана аудит, финансы жана кредит) жаатындагы жогорку билими:

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

           — мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир    жылдан кем эмес иш стажы же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3   жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

— иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна)

3. Кесиптик компетенциялар:

-Кыргыз Рспубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлөмдѳ мамлекеттик жана/же  расмий тилдери.

3.1. Билими:

 — «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 — Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 14.04.2022жылдын №223 «Кыргыз республикасынын Транспорт жана коммуникациялар   министрлигине караштуу  Жер жана  суу транспорту департаменти    жөнүндө» токтому;

— Кыргыз Республикасынын 16.05.2016-жылдын №59 бюджеттик кодекси;

— Кыргыз Республикасынын 14.04.2022-жылдын №27 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамы;

3.2. Билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо  жана аны практикалык иште колдонуу;

— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— жарандардын кайрылууларын кароо  жана  жоопторду  даярдоо;

— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

— командада иштөө.

3.3. Көндүмдөр:

— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды   колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет):

—    Форма боюнча жеке арыз;

—    Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);

—    Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);

— Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);

—   Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);

-Окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

—  Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Талапкерлердин   документтери  жарыя сайтка чыккан кундөн баштап кабыл алынат.  Нарын шаарындагы  Нарын көчѳсүнүн № 30 дареги боюнча кабыл алынат.

Маалымат үчүн Телефон (03522) 5-19-23.