mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 291 “Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

1.Максаты жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 4-октябрындагы № 291 “Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна негизги максаты жана милдеттери болуп эл аралык автомобиль ташууларында катышкан кесип адамдарынын компетенттүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

  1. Баяндоочу бөлүк

Аталган буйрук менен бекитилген Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартибинин (мындан ары – Тартип) 7-пунктуна ылайык, автомобиль ташууларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу адам, беш жылда бир жолудан кем эмес автомобиль ташууладры уюштурууга жана аткарууга жооптуу адамдарды кайра даярдаган жана квалификациясын жогорулаткан билим берүү мекемесинде квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.

Эгерде жеке ишкер Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын милдеттерин аткарган болсо, анда ал тарабынан автомобиль ташуулар боюнча курстун аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк берүү боюнча чечим алынган күндөн баштап беш жыл бою күчүндө болот.

Ошентип, Тартиптин 7-пунктунун мазмуну белгиленген мөөнөттө 5 жылдан ашпаган квалификацияны жогорулатуу мөөнөттөрүн окуу жайларына өз алдынча кароого берет. Ошону менен бирге “автомобилдик ташууларды уюштурууга жана аткарууга жооптуу адам” кызмат орундарынын конкреттүү тизмесин аныктоо бөлүгүндө так түшүндүрүүнү талап кылат. Мисалы, квалификациясын жогорулатууга тийиш болгон кайсы кызмат адамдарынын аттарын санап берүүгө сунуш киргизилет менеджер, логист, айдоочу.

Кошумча айтсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 – токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө Жонун 5.1 пунктуна ылайык, квалификацияны жогорулатуунун жана кесиптик кайра даярдоонун мөөнөттөрү жана формасы билим берүү уюмдары тарабынан буюртмачынын керектөөлөрүнө ылайык, аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленет.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Тартиптин 7-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда.

Ошондой эле Тартиптин 12-пунктуна ылайык, Кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн жооптуу адам кесиптик билим берүү уюмдарына төмөнкүлөрдү тапшырат:

— ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы арыз;

— жогорку же орто атайын билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (дубликат);

— эмгек китепчесинен көчүрмө (анын дубликаты);

— ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формадагы аттестациялык баракча.

Бирок жогорку окуу жайын аяктабаган жана жаңыдан жумуш ордуна кирген адамдар кошумча окууга мүмкүнчүлүк алуу тоскоолдук болгондуктан, кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн жооптуу адам кесиптик билим берүү уюмдарына жогорку же орто атайын билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (дубликат) жана эмгек китепчесинен көчүрмөсүнүн ордуна (анын дубликаты), паспорттун жана айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөлөрүн тиркеп берүү сунушталып жатат.

Мындан сырткары Тартиптин 13-пунктуна ылайык, кошумча окутуу, аттестациялоо жана жооптуу адамга күбөлүк берүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Жооптуу адам же ал иштеген уюм кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн акы төлөй алат.

Кошумча окутуунун тарифтери Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке адамдарды кайра окутуучу жана квалификациясын жогорулатуучу билим берүү мекемеси тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу органы менен макулдашуу боюнча белгиленет.

Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө Жобонун”  2-пунктуна ылайык, ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү уюмдары (мекемелер) көрсөтүүчү билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарына тарифтерди түзүү боюнча бирдиктүү ченемдик укуктук документ болуп эсептелет.

Ушул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасында билим берүү ишин жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (мекемелеринин) аткаруусу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Башкача айтканда кошумча окутуунун тарифтери мамлекеттик билим берүү уюмдарында (мекемелерининде) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык макулдашуу боюнча белгиленет.

Ошондой эле долбоор менен күбөлүктү биринчи жолу арыз берген ташуучуларга – бир жыл. Мурда берилип, мөөнөтү бүткөн күбөлүктү кайра жаңыртып берүү тууралуу арыз берген ташуучуларга – беш жыл кылуу сунушталууда.

  1. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорунун кабыл алынышы эч кандай социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана мамлекттик казынадан кошумча акча каражаттарын талап кылбайт.

  1. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул токтом долбоору http://koomtalkuu.gov.kg/ расмий сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

  1. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүнө талдоо

Ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзмадарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышкан тиешелүү тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

  1. Каржылоо зарылдыгы жана булактары жөнүндө маалымат

Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорунун кабыл алынышы эч кандай мамлекттик казынадан кошумча акча каражаттарын талап кылбайт.

  1. Жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат

Буйруктун бул долбоору жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.

 

Министр                                                                                  Т. Текебаев