mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервине конкурстук тандоо өткөрөт.

Башкы топтогу Администрадивдик мамлекеттик кызмат орундарынына

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

 

 

  1. ЖАЛПЫ (НЕГИЗГИ) МЫЙЗАМДАРДЫ БИЛҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ ТАЛАПТАР

 

Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

 

1)..Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси;

4)..“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)..“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

  1. ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫ БОЮНЧА ИШ ЧӨЙРӨСҮН РЕГЛАМЕНТТӨӨЧҮ МЫЙЗАМДАРДЫ (ПРЕДМЕТТИК) БИЛҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ ТАЛАПТАР ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

 

 

Транспорт көзөмөлдөө башкармалыгы

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • “Техникалык илимдер” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
  • “Жер транспортунун системалары” багытындагы “Автомобиль жана автомобиль чарбасы” адистиги;
  • “Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо” багытындагы “Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу”, “Жол кыймылын уюштуруу”, “Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук”, “Автомобиль транспортун эксплуатациялоо” адистиктери;
  • “Транспорттук техника жана технология” чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
  • “Транспорт-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо” багытындагы “Автомобиль транспорту”, “Суу транспорту”, “Машина куруу”, “Механизация” адистиктери.

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

 

  • Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
  • “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майы № 311 “Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-декабрындагы № 724 “Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 «Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;

 

Ошондой эле төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү;

— тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

— файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө, атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;

— тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

— диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);

— компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издөө, бөлүшүү жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);

— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүргүчтөр, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

Билгичтиги:

 

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

 

Көндүмдөрү:

 

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

 

 

Уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмү

 

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • “Гуманитардык илимдер” чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
  • “Юриспруденция;
  • “Персоналды башкаруу”;
  • “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”;

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

 

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген “Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускама”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча Нускама”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө Нускама”;
  • “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө” токтому;

 

Ошондой эле төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды өндүрүү;

— тест, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

— файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө, атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү;

— тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

— диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);

— компьютердик жана социалдык тармактардагы иш: маалыматты издөө, бөлүшүү жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);

— электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

— ар кандай браузерлер менен иштөө;

— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүргүчтөр, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

Билгичтиги:

 

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

 

Көндүмдөрү:

 

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Конкурс тандоосуна катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

 

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

 

Катышуучулар 2023-жылдын 18-декабрында саат 18:00-го чейин документтерди төмөндөгү дареке тапшыруусу керек:

Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү, 42,  2-кабат, № 212 кабинет.

Суроолор үчүн телефон: (0312) 314073