Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк — инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан Жол активдерин башкаруу системасынын (ЖАБ) долбоору боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалымат
- 398 просм.
2022-жылдын февраль айында Жол чарба департаменти менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Өндүрүштүк-инновациялык борбор мамлекеттик мекемеси келишимге кол коюшкан. Учурда TRASSA көчмө лабораториясы менен жабдылган.Жол активдерин башкаруу системасынын (ЖАБС) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча маалыматтарды чогултуу боюнча иштер аткарылууда.
Жалпы пайдалануудагы бардык автомобиль жолдорун инвентаризациялоо жана алардын абалы жөнүндө маалыматтарды алуу ЖАБС долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын бардык жолдорун жол маалымат базасына киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Бул долбоордун эң маанилүү милдети болуп, жол активдерин башкаруу үчүн жол маалымат базасын түзүү саналат, ал ишти пландаштыруу, программалоо жана каржылоо боюнча объективдүү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон жол маалыматтарын камтыйт, ошондой эле, жолду тейлөө жана оңдоо иштерине, анын ичинде, кышкы жана жайкы мезгилде тейлөөгө артыкчылык берүү.
Мындан тышкары, ЖАБС жумуштарды тандоодо комплекстүү чараларды аныктоо аркылуу стратегиялык чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт, мисалы, орточо жол оңдоо иштери кандай болгон күндө да жетиштүү болобу же толук реконструкциялоо зарылчылыгы барбы деген сыяктуу иштер.
Бүгүнкү күндө «Өндүрүштүк — инновациялык борбор» ММ үч параметр боюнча узундугу 2414 км болгон жалпы пайдалануудагы катуу катмарсыз жолдорду карап чыкты:
1. Жолдун огу боюнча GPS маршруту төшөлдү;
2. Жолдун аймагына видео сүрөттөр;
3. IRI индекси (жол катмарынын тегиздигинин эл аралык индексин өлчөө).
Алынган маалыматтар Россиянын Саратов шаарында өндүрүлгөн PIK Doroga-PRO программасын колдонуу менен иштетилет. Андан ары жолго тиешелүү төшөлмө жана башка элементтерди инвентаризациялоо боюнча иш кагаздары жүргүзүлөт. Бул максаттар үчүн, DEVLI программалык камсыздоо атайын иштелип чыккан жана ишке ашырылган. Иштелип чыккан маалыматтар КР ТжКМ алдындагы Жол чарба департаментине өткөрүлүп берилет.
Чогултулган маалыматтар ишти аткаруу үчүн зарыл болгон инвестициянын көлөмү боюнча чечим кабыл алуу үчүн колдонулат, ал эми маалыматтарды чогултуу ЖАБС тин эң түйшүктүү жана көп убакытты талап кылган бөлүгү болуп саналат.
Бардык маалыматтар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймагындагы борбордук серверде сакталат.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы