mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Рысмендеев Бекжан Базарбаевич

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Рысмендеев Бекжан Базарбаевич 1990-жылы 28-октябрда  туулган.

2012-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Логистика» адистиги боюнча аяктаган.

2017-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Өнөр жай жана жарандык курулуш” адистиги боюнча сырттан аяктаган.

2017-жылы Сеул Улуттук илим жана технология университетин “Темир жол инженериясы жана курулуш” адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

2020-жылы академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин “Тоо-кен иштери” адистиги боюнча аяктаган.

Ишмердиги:

2012-2013-жылдары “Интелмед” ЖЧКсында склад башчысы.

2014-2020-жылдары «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы»мамлекеттик ишканасынын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын долборлоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2020-2022-жылдары «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы»мамлекеттик ишканасынын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы.

2022-2023-жылдары «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы.

2019-жылдан ушул мезгилге чейин Азия өнүктүрүү банкынын Транспорт боюнча улуттук консультанты.

2023-жылдын 14-ноябрына чейин «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын инвестиция бөлүмүнүн башчысы.

14.11.2023-жылдан азыркы убакытка чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары.