mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Солтобаев Талантбек Осмонбекович

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары

Солтобаев Талантбек Осмонбекович

1982-жылдын 2-июлунда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

2005-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу” адистиги боюнча “Жолдор жана байланыштар” квалификациясына ээ болгон.

Ишмердиги:

2006-жылы — “НТК Лимитед Компании” ЖЧКсында инспектор.

2007-2010-жылдары – “Кыргыз жолтранс” долборлоо жана изилдѳѳ институтунда техник, инженер, жетекчи, башкы инженер.

2010-2020-жылдары – “Кыргыз жолтранс” долборлоо жана изилдѳѳ институтунда башкы инженер, жетекчи.

2020-2021-жылдары — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары.

2021-2022-жылдары — Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкекасфальтсервис” мамлекеттик ишканасында жетекчи.

08.12.2022-жылдан азыркы убакытка чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин биринчи орун басары кызматын аркалап келет.