Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Өзбекстан Республикасынын Транпорт министри Илхом Махкамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
- 581 просм.
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Өзбекстан Республикасынын Транпорт министри Илхом Махкамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча жемиштүү диалог болду. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүп, темир жолдун курулушу артыкчылыктуу долбоорлордун бири экенин баса белгилешти.
Бул жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк тармагы болуп, Түштүк-Чыгыш жана Батыш Азия менен Жакынкы Чыгыштын базарларына жол ачат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы